Мелис Турганбаев: Чамасы, Бакиевдин адамдары Белоруссияда отуруп алып, мени каралап жатышат бейм
ЖАМК төрагасы аны ИИМ төрагасы болуп турган убакта каржылык көз боёмочулук кылган деген маалыматтарды четке какты
ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев ИИМ башчысы болуп турганда каржылык көз боочулук кылган. Бул тууралуу кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек ИИМБ кызматкерлери тарабынан жөнөтүлдү деп фейсбук социалдык тармагында таркатылган.
Анда Мелис Турганбаевдин ордо калаанын милициясынын начальниги болуп турганда шаардын бардык райондорунда аймактык пункттарды орнотууну демилгелеген деп айтылат. Бул долбоордун алкагында бир контейнердин ремонту менен баасы 1 миллион 200 сомго айланган.
«Бул акчаларды биз ордо калаанын милиция кызматкерлери, катардагы кызматкерден полковникке чейин айлыгыбыздан 15 миң сомдон топтоп жатып чогултканбыз. Ооба, Мелис Турганбаев ошондогу мамлекет башчыга бюджеттен каражат бөлүнгөн жок деп сыймыктануу менен рапорт берген. Баары милициянын күчү менен жасалды», - деп айтылат кайрылууда.
Бишкек боюнча болгону милициянын 50 аймактын пункту ачылгандыгы билдирилген.
«Мелис Турганбаевдин республикаынын ички иштер министри болуп алып, уятсыздык менен бюджеттен ИИМ өтө ири өлчөмдөгү акча каражатын бөлдүрүп, ал акчаларды контейнер оңдоочу өздөрүнүн фирмасына которуп алгандыгы белгилүу болгон.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Сизди мекеме аралык комиссия түзүп контейнерлерди сатып алуу жана оңдоо боюнча текшерүүнү жана мурунку ИИМ башчысы жана азыркы ЖАМК башчысы болуп турган Мелис Турганбаевди жоопко тартууну суранабыз», - деп билдирет купуя каттын ээси.
Бишкек ИИМБ маалымат кызматы ордо калаанын милициясынын өздүк курамы бул катты жазды деген маалыматты четке кагат.
- Кат купуя жазылыптыр, ага милиция кызматкерлеринин тийешеси жок, укук коргоочулардан арыз түшкөн эмес, - деп комментарий берди мекеменин маалымат кызматы. - Анын үстүнө, катта айтылган факт болгон эмес.
ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев өзү да каржылык көз боёмочулукка баргандыгын четке какты. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде акыркы убакта аынын дарегине каралоо көп айтылып жаткандыгын белгиледи.
- Канча айдан бери фейсбук тармагындагы «Компромат» мен тууралуу сандырактарды жазып жатат, - деди ал. - Биз ал маалыматты УКМК бердик. Алар изилдейт. Менимче, муну Белоруста бакиевчилер отуруп алып жазып жатышат окшойт. Арызда көрсөтүлгөндөрдүн бири да чындыкка дал келбейт.
Мелис Токтомамбетович анын жетекчилиги астында бар болгону 40 контейнердин орнотулгандыгын кошумчалады.
- Кылынган иш жакшы жемишин берди, аймактарда кылмыштуулук азайды, - деп баса белгиледи ал. - Пункттарды орнотууга 14 миллион сом коротулган, аны Бишкек мэриясы которуп берген. Укук коргоочулардын айлыгынан алган эмеспиз. Мен кадимкидей басып, иштеп жүрөм. Анткени, каржылык көз боочулук кылган эмесмин. Мен ички иштер министрлигинен кеткенден кийин сегиз айдан ашуун текшерүу кылышкан. Ал ишти Эсептөө палатасы менен прокуратура алып барган. Алар бюджеттен 37 миллион сом акча каражаты үнөмдөлдү деп аныктап чыгышкан.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www