Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки биринчи интервьюсун берди
Мурдагы президенттикке талапкер НТС журналисттери менен жоолугушту
Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки өзүнүн биринчи интервьюсун берди. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы өз баракчасына жазды.
«НТС жетекчиси Миржан, анын командасы жана Мирсулжан менен жоолугушуудан ырахат алдым. Алардын ар тараптуу колдоолоруна ыраазычылык билдирем. Мен бир жарым жылдан бери эми интервью берип жатам… бир аз унута түшкөн экенмин. Бүгүн саат 19:40 НТС телеканалынан көрүңүздөр», - деп билдирген Бабанов.
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)
Эске салсак, мурда Өмүрбек Бабановдун тарапташтары анын жакынкы арада Кыргызстанга келишин билдиришкен. Бабанов өзү болсо социалдык тармактарда бир нече жолу кыргызстандыктарга жакында жоолугушабыз деп айткан.
Өмүрбек Бабановду улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткандыгы үчүн айыпташкан. Ага кылмыш иши козголгон.
Сүрөт www