Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов КСДП саясий кеңешине кошулуудан өзү баш тартты

КСДП Икрамжан Илмиянов да партиялык иштен баш тарткандыгын түшүндүрүштү

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов КСДП жаңы саясий кеңешинин курамына кошулуудан баш тартты. Бул туурасында КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын сөзү боюнча, мындай чечим жаш муундарга мүмкүнчүлүк берүү үчүн кабылган.

«Партиянын түзүлүшүнө салган ссалымдарынэске алып, азыр да салым кошуп жаткандыгын айтып, биз Фарид Аблезимовичти саясий кеңеште кала берүүсүн аябай өтүндүк.
Фарид Ниязов «Апрель» Коомдук фондунун аткаруучу директору жана Алмазбек Атамбаевдин кеңешчис болуп кала берет», - деп түшүндүрдү Жолдубаева.

Ошондой эле жаңы саясий кеңештин курамында Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов да жок.

«Илмиянов 2017-жылы эле, президенттик шайлоо өтөөрү менен өзүнүн партиялык иштен четке чыгаары тууралуу оюн билдирген болчу. Ал эми 2018-жылы өз чечимин ырастаган», - деп кошумчалады Жолдубаева.
Илмиянов менен Ниязовдун мурункудай эле КСДП мүчөсү экендиги билдирилет.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх