Камчыбек Ташиев ушул жумада Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келишин күтүп жатат
Ташиевдин маалыматы боюнча, мурдагы президенттикке талапкер мекенине 4-5 күндө кайтып келет
Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов ушул жумада Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында мурдагы депутат Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Бабанов 4-5 күндө мекенине кайтып келет.
«Өмүрбек Бабанов шайлоодо 33% добуш алган, бул болсо 600 миң кыргызстандык дегенди билдирет. Ал өлкөгө керек. Бирок аны кармайбыз деп «маски-шоу» кылуунун бизге кереги жок», - деп сөзүн аяктады Ташиев.
Эске салсак, мурда Камчыбек Ташиев Москвада Өмүрбек Бабанов менен жоолугушкан. Экс-депутат Бабанов менен бирге түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарда бөлүшкөн.
Ошону менен бирге бүгүн НТС телеканалы Өмүрбек Бабанов менен болгон интервьюну көрсөтөт.
Сүрөт www