­
Мурат Суталиновдун жактоочусу: Бул эмнеге керек экендигине түшүнбөйм?! - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун жактоочусу: Бул эмнеге керек экендигине түшүнбөйм?!

Юрист сот отурумунун кезектеги кийинкиге калтырылышы катуу оорулуу генералды колониядан ташып келүү машакаты менен кыйнап жаткандыгын белгиледи

Бүгүнкү Мурат Суталиновду бошотуу иши тууралуу процесс бир эксперт - комиссиянын төрагасы келбей калгандыгына байланыштуу чын курандын он бешине жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК мурдагы төрагасынын жактоочусу Тимур Карабаев билдирди.

- Эксперттин келшин камсыз кылуу мамлекетик айыпталуучуга тапшырылган, - деп түшүндүрдү юрист. - Ал аны камсыз кыла алган жок. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, ал эксперт биринчи соттук отурумда суракка алынган. Анын көрсөтмөлөрү иштин материалында бар. Биз сотко аны суракка алуунун кажети жок деп айттык, анткени ЖАМК жыйынтыгы онкологдордун жыйынтыгына негизделет.

Онкология жаатында адистештирилген дарыгерлераппеляциялык инстанцияда суракка алынган. Комиссиянын төрагасы ага биринчи инстанциянын сотунда берилген көрсөтмө менен таанышып эле чектелсе болмок. Прокурор каршы болгон жок, бирок соттор өздөрү катышып отуруп, баары бир буга экспертти чакыруу керек деп чечишти.

Карабаев эмне үчүн Суталиновдун сотун дагы бир жумага созуунун эмне кереги бар экендигине түшүнбөйт.

- Процессти дагы бир жума кийинкиге жылдырышты, ошону менен алар менин коргогон адамымды кыйноого калтырышты. Аны онкологиядан сотко алып келүү да машакат. Химиотерапия алуу үчүн ордунан жылдырган кезде да ал кыйналат, - деп

нааразы болот депутат.  

Эгерде ал эксперт аларга ушундай эле керек болуп атса, бүгүн түштөн кийинкиге жылдырышса болмок, түштөн кийин прокурорго анын келшин камсыздоону тапшырып коюшса болмок. Биз өзүбүз деле алып келмекпиз аны. Бул жерде алардын эмне үчүн жылдырышкандыгынын себебин гана болжолдоого болот.

Ошону менен бирге Мурат Суталиновдун жактоочусу Бишкек шаар сотунун жанында чогулган эл тууралуу комментарий берди.

- Бишкек шаар сотунун жанында эч кандай митиге чыккандар жок болчу, - деп белгиледи укук коргоочу. - Ал жерде Мурат Абдыбековичтин туугандары жана достору болгон, алар колдоп келишкен.Бул Суталиновду колдоо болчу. Митинг дегенге болбойт.  

Эске салсак, мурда Бишкек шаар соту катуу оорулу мурунку УКМК башчысы Мурат Суталиновду бошотуу өтүнүчүн  чын курандын тогузуна жылдырды деп билдирилген. Бирок белгиленген күну процессти дагы жылдырып жиберишти.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх