Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ташиев күч мекемесин башкарышы мүмкүн, бирок премьер боло албайт»

Эксперт Мухаммедкалый Абылгазиевдин жылдызы жок, ал эми өкмөт болсо «кашаң» дейт

Министрлер кабинетин отставкага кетирүүгө негиз бар, жылдын башында эле иши кыйчалыштап калган. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марат Казакпаев бөлүштү.

- Премьер-министрди кызматтан алуу тууралуу кептер көптөн бери болуп жатат, бирок калыс карай турган болсок, кантсе да өкмөт иштеп жатат, - деп моюндайт ал. - Бирок ал өнүгүүгө карай иштебей, азыркы абалды сактап туруу үчүн иштеп жатат. Мухаммедкалый Абылгазиевдин анысы ишке ашып жатат. Кылган ишине карай турган болсок, министрлер кабинетинин башчысы Сапар Исаков сыяктуу шатыра-шатман эмес. Бирок ал колунан келишинче иштей берет.

Марат Сайнидинович Абылгазиевди президенттин колдоп турушу эң маанилүү ролду ойнойт деп белгилейт.

- Ал бир да жолу экөөнүн бирге иштегендигин белгилеген жок, бирок президент премьерге ишенет, - деп эске салат Казакпаев. - Анын үстүнө башка талапкер деле жок азыр анан ордуна. Камчыбек Ташиев премьер болуп иштөөгө даяр экендигин билдирди. Бирок ага бул кызмат туура келбейт. Ташиев - саясатчы. Анын экономикалык ой жүгүртүүсү жок. Анын жарылып кетмей мүнөзү бар.

Өз кезегинде дагы бир саясат талдоочу Кубат Султанбеков өкмөт отставкага кетүүнүн алдында турат деп айтат.

- Азыркы министрлер кабинетине нааразычылыктар көп, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Чындыгында өкмөт азыр кашаң, ал эми премьердин болсо жылдызы жок. Убагында Темир Сариев премьер болуп турганда, чарк имерип башкарчу. Азыр болуп аткан окуяларды эске алсак, мисалы, кыргыз-тажик чегинде өкмөт жакшыраак иш алып барса болмок. Ошондуктан, менимче, министрлер кабинетинин башчылыгына чыйрак кишини коюу керек.

Ал ортодо Кубат Черикчиев Камчыбек Ташиевдин натыйжа чыгара турган өкмөт башчы боло албастыгын белгилеп кетти.

- Ал күч мекемесин башкарса болмок, бирок өкмөттү башкаруу үчүн чарбаны билген киши керек, - деп сөзүн аяктады ал.
Эске сала кетели, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында өкмөттүн отставкага кетиши керектигин билдирди. Анын сөзү боюнча, азыркы министрлер кабинети чегарада түзүлгөн кырдаалды жөнгө сала алган жок.

Журналисттердин өзүңүз өкмөттү жетектей аласызбы, деген суроосуна Ташиев «Эл үчүн кайсы гана кызматка болбосун барууга даярмын», деп жооп берди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх