Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыскелди Момбеков: Жол курулушунда кытай компанияларынын кызыкчылыгы турат

Депутаттын пикири боюнча, Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармасынын башчысы чет элдик фирмалардын кызыкчылыгын коргойт

Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында, кепилдик берилген мөөнөткө жетпей бузулуп жаткан жолдордун сапатына арызданышты.

Тактап айтканда, эл өкүлү Рыскелди Момбеков Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармасынын башчысы Улан Уезбаевдин кытай компанияларынын кызыкчылыгын көздөй тургандыгын билдирди.

- Кытайдан келген компаниялар Кыргызстандагы субподрядчыларды өздөрү тандап алып, аларды каалагандай калчашат, - деди Момбеков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Чынын айтканда, алар бийлик менен Жогорку Кеңешти мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатат, бирок экинчи фаза боюнча келишим боло элек. Экинчи фазанын документтери келсе деле ошол кездеги мыйзам менен иш жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө биз жаңы курулган жолго 5 жылдык кепилдик мөөнөт жана оңдолгон жолго 3 жылдык кепилдик мөөнөт тууралуу токтом кабыл алдык. Бул гранттардын артында КЭР өкмөтүнүн эч кандай өтүнүчү жок. Демек, бул жерде Кытай компаниясынын кызыкчылыгы бар.

Ошону менен бирге эл өкүлү Бишкектин мэри жана ККБ башчысы анын берген суроолоруна жооп бере алышпагандыгын белгиледи.

- Транспорт министри мурдагы орун басары Балыкчи - Корумду автожолун сунуштаган, - деп эске салды Момбеков. - Улан Уезбаев «Лонг Хай» фирмасы менен келишип алган деген сөздөр бар. Бул факт. Ушул себептен текшерүү жүргүзүлгөн. Ошондон кийин Аргым Арабаев кызматтан кетти. Улан Уезбаев жана Бишкектин вице-мэри менин кытай компаниясынын кызыкчылыгын коргоо тууралуу суроомо жооп бере алышкан жок.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх