Депутат Жолдошбаев өкмөттүн эсепчотун угуп отуруп уйкусу келип кетти
«Бул жерде жол кырсыгынан өлгөндөрдү талкуу кылсак, алар тирилип кетишеби эмне?»
Жогорку Кеңештин депутаты өкмөттүн эсепчотун угуп отуруп уктап кала жаздады. Бул тууралуу мыйзам жана тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
- Ал жерде былтыр жол кырсыгынан каза болгондор тууралуу маалымат уктурулду, - деп баштады ал сөзүн. - Эмне биз талкуулагандан алар тирилип кетишеби? Өкмот былтыркы жыл үчүн эсепчотун берип бүткүчө элдер уктап кала жаздады. Мен да уктап калайын дедим. Келгиле батыраак крап, ишти бүтүрөлү.
Жолдошбаевди депутат Наталья Никитенко колдоду. Ал өз кезегинде өкмөттүн мүчөлөрү депутаттардын сөзүнө толук жооп бербей жатышкандыгын белгиледи.
- Өкмөт мүчөлөрүнүн жоопторун угуп отуруп, уйкум келип кетти. - деп ал да макул болду. - Биз так жана канааттандырарлык жооп алганыбыз жок, ошондуктан уйку келип кетти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт. www