Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьердин жаңы кеңешчиси Абылгазиевге эмне менен жардам бере ала тургандыгын айтып берди

Өкмөттүн аппаратына эксперт Кубат Рахимов келди

Инфракструктуралык өнүгүү боюнча белдгилүү эксперт Кубат Рахимов экономикалык маселелер боюнча Мухаммедкалый Абылгазиевге кеңеш берет. Бул туурасында ал өзү Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Менин ишмер чөйрөм ЕАЭБ интеграциясына жана экономикага тийешелүү болот, - деп белгиледи ал.

Түшүндүрө кетели, Рахимов Кубатбек Калыевич Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болуп шайланды. тийешелүү жарлыкка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кубат Рахимов — Борбордук Азиянын инфракструктуралык өнүгүүсү боюнча эксперти.

1970-жылы аяк оона айынын сегизинде Фрунзе шаарында туулган. Ал энергетктер менен илимий кызматкердин үй бүлөсүндө туулган.

1992-жылы Белорус мамлекеттик университетинде саясий экономика адистигин бүтүргөн.

2007-жылы поляктардын Л. Козьминский атындагы ишкерлер Академиясынын Executive MBA баскычын алган.
2002-жылы Казакстандын коммуникация жана транспорт министрине транзиттик дараметти өнүктүрүү боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
2003-2004 жылдары Москва шаарындагы «ТрансЕвразия» комплекстүү транспорттук Борборду башкарган.
2005-2007 жылдары Борбордук Казакстандагы Минск автомобилдик заводунун өкүлчүлүгүнө жетекчи болгон.

2009-2011 жылдары Борбордук Азиядагы транспорттук коридорлорду изилдөө боюнча эл аралык топту жетектеген.

2010-2014 жылдары Кыргызстандын Эл аралык университетинде Ph. D. ineconomics (экономика боюнча философиянын доктору),
2000-2001 жылдары Казакстандын Белоруссиядагы, Украинадагы жана Балтика өлкөлөрүндөгү темир жол өкүлчүлүгүн башкарган, Казакстандын Орусия Федерациясындагы темир жол өкүлчүлүгүнүн башчысынын биринчи орун басары болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх