Жогорку Кеңеште жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүүнү талап кылышты
Депутаттар «Республика - Ата Журт» башкаруучу альянска мыйзамсыз кирип калган дешет
Жогорку Кеңеште жаңы коалициялык көпчүлүк жана жаңы өкмөттүн курамы түзүлүшү керек. Мындай деген билдирүү менен парламенттин пленардык жыйынында депутат Исхак Масалиев сөз сүйлөдү.
- Азыр оппозицияда жүргөн партиянын коалициялык көпчүлүккө кириши туура эмес, - деп түшүндүрдү ал. Андан сырткары, мурда «Республика - Ата Журт» фракциясы көпчүлүккө кирген, бирок азыркы коалицияга киргенге болбойт ага. Аны башкадан жаңы мүчөлөрдү эске алуу менен түзүу керек. Мындан улам министрлер кабинетин да жаңыдапн түзүү зарылчылыгы келип чыгат.
Масалиев жаңы коалиция түзүү зарылчылыгын жана жана коалициялык өкмөт керектигин, болбосо парламентти кайгылуу тагдыр күтүп тургандыгын айтты.
- Бул маселе боюнча үч ай мурун парламенттин спикерине кат жазганмын, бирок жоопту азыркыга чейин ала албадым, - деди ал.
Өз кезегинде парламенттик коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк мыйзамдуу түзүлгөн, башкача айтканда бардык нормалар сакталган деп жооп берди.
- Коалицияга кайсы фракцияны алыш керектиги эч жерде жазылган эмес, көпчүлүккө кириш, же кирбей коюш депутаттардын жеке иши, - деп жооп узатты ал. - Ооба, КСДП экиге бөлүнүп калды, бири азыр оппозицияда. Бирок фракция азыркы мамлекеттин жетекчилигин колдоп жатат. Бизге коалицияда болууга эч нерсе жолто кылбайт.
Бирок Өмүркуловдун берген жообу Бакыт Төрөбаевди канааттандырган жок.
- Мен Исхак Масалиевдин пикирине макулмун, - деди ал. - Бул маселени Конституциялык палата карасын. Анткени «Республика -Ата Журт» калп эле коалицияда болуп, иш жүзүндо эшектин тушоосун да чечпей калды. Фракция анын көпчүлүккө кирээр кирбешин айтсын. Бирок мыйзам боюнча, эгерде жаңы коалиция пайда болсо, анда жаңы өкмөт түзүү зарылчылыгы келип чыгат. Бул учурда өкмөт кала берсе да болот, бирок аларды кайрадан дайындап чыгуу керек.
Вероника Малышева
Сүрөт www