­
«Кээ бирөөлөр түшкө чейин Жээнбеков, түштөн кийин Атамбаев менен болуп жатышат» - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кээ бирөөлөр түшкө чейин Жээнбеков, түштөн кийин Атамбаев менен болуп жатышат»

Апрель элдик революциясынын баатыры 2010-жылы чын курандын жетисинде жабыр тарткандар жана курман болгондордун туугандарынын айланасындагы мүлктү бөлүштүрүү тууралуу айтып берди

Бийликтин мыйзамсыз басылып алынышы жана 2010-жылы чын курандын жетисинде курман болгондор жана жабыркагандарга берилген мүлктөр тууралуу талаш тартышты ошол каргашалуу күнү аянтта каза болгон 17 жаштагы Нурсултан Табалдиевдин тайкеси Расул Үмбөталиев айтып берди.

Кеп курман болгондордун жакындарынан түзүлгөн «Мекен Шейиттери» Коомдук бирикмеси жана «Айкөл Ала-Тоо» жаракат алгандардан турган бирикме жана башка бирикмелер тууралуу болмокчу.

Жабыркагандарды, жапа чеккендерди жана революциялык ишке жигердүү катышкандарга партиялык тизме менен жезден жасалган «Апрель элдик революциясынын баатыры» деген төш белги тагышты. «Баатыр» деген наамды ыйгаруу тууралуу жарлыкка Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кол койду.

Бирок Үмбөталиев тизмени Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон саясий партиялардын жетекчилери түзгөндүгүн белгиледи.

«Мекен Шейиттеринин», «Айкөл Ала-Тоонун» мүчөлөрү батирлерди жана материалдык компенсация алышты, - деп улантат ал. Ар кандай көптөгөн кыймылдын мүчөлөрү жана жетекчилери мамлекеттик органдардан жана ишканалардан кесипкөйсүздүгүнө, билимиинин туура келбегендигине карабастан кызматтарды ээлешти.

Бирок баарына эле мамлекеттик кызматта иштөө пайда алып келе берген жок, дейт Апрель революциясынын баатыры: Алардын эч кимисине коррупция, уурулук боюнча кылмыш иши козоглгон жок. Кыскасы көптөгөн айыптоолор токтотулуп же кыскартылды, ал эми кылмышкерлер кайрадан мамлекеттик кызматтарга дайындалды.

Лидерлик үчүн күрөшүү «Мекен Шейиттерин» бөлүнүп жарылуугу алып келди. Андан бөлүнүп чыккан 57 мүчөсү «Эр Теги» деген коомдук бирикмени түзүштү. Анын түзүүчүлөрү жана уюштуруучулары Замир Казыев, Сыртай Айнидинов, Осунбек Жамансариев жана мен Расул Үмбөталиев.
Осунбек Жамансариевди төрага кылып шайлап алдык, ал эми соттук укукьтук иштери боюнча орун басары кылып Расул Үмбөталиевди тандап алышты.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин бирикменин башчылыгын Айчүрөк Камаева ээледи. Ал эми 2019-жылы чын кырандын алиысында болгон КСДП XVIII съездинде ал партиянын жаңы саясий кеңешине кирди.

«Айчүрөк Камаева коомдук бирикмениКыргызстандын экс-президентинин администрация жетекчисинин жардамы менен мыйзамсыз басып алган, - дейт Апрель революциясынын Баатыры».

- Айрым бир жетекчилерди ал кыймыл жакшы эле «тоюндурду» жана экс-президенттин Кыргызстандагы саясий-коомдук абалды туруксуздаштырууда колдонулду.

Бирок ошол эле лидерлер азыркы мамлекет башчы, премьер-министр менен жоолугушуп жатышат, деп таң калат ал.

«Түшкө чейин азыркы президент менен баарлашып, жоолугуп жатышкандар, түштөн кийин эле мурдагы президен менен жоолугуп жатат. Бул нерсе өлкөдөгү абалдын туруктуу болушуна, саясий кырдаалдын жакшырышына алып келбейт», - деп эскертет Үмбөталиев.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты бирикмелерди жана кыймылдарды кээ бир жетекчилерден тазалашы керек деп эсептейт.

«Алардын эки жүздүү саясий оюну элдин бийликке болгон ишенимин жоготот», - дейт Апрелб революциясынын Баатыры.

Расул Үмбөталиев президенттин «Апрель революциясынын 10 жылдыгын өткөрүү тууралуу» жарлыгы ишенимсиздикти жаратат дейт.

Ал быйыл курман болгондордун макамын аныктоо керектигин, өлгөндөн кийин берилчу «Элдик Баатыр» берүүнү териштирүүнү, ошондой эле «Апрель элдик революциясынын Баатыры» деген төш белгинин ээлеринин макамын аныктоо керектигин айтат.


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн «төгүлгөн канга берген убадалары» аткарылдыбы? - деп суроо салат Апрель революциясынын Баатыры.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх