Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Коалициялык көпчүлүк таркап кетүү демилгесин колдобойт»
Эксперт өкмөттүн тынбай алмаша бериши инвестициялык долбоорлорго кедерги болоорун эскертти
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн таркашы күмөн. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков билдирди.
Башкаруучу альянстын урашы өкмөттүн таркашына алып келет, Кадырбековдун пикири боюнча, Исхак Масалиевдин демилгесине бир себеп болушу керек.
- Бүгүнкү күндө оозго алаарлык деле оппозиция жок, ошондуктан баары эле коалициялык көпчүлүккө умтулуп жатышат, - деп белгиледи Кадырбеков. - Депутаттар аткаруу бийлигинин түзүлүшүнө катышууну каалап, өз кадрларын коюп, шайлоодо көбүрөөк адам ресурсуна ээ болууну самашат. Парламенттик көпчүлүк таркап кетүү тууралуу демилгени колдоору күмөн, анткени баары жылуу орундарынан козголууну каалабайт.
Дагы бир мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев жаңы коалициялык көпчүлүктү азыр түзүүгө болбойт дейт.
- Баарыбыз билгендей, чын курандын аягында өкмөттүн эсепчоту болот, эреже катары жыл сайын ушул мезгилде министрлер кабинетин алмаштыруу, коалициялык көпчүлүктү кайра түзүү маселелери коюлат, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бул бизде салтка айланып бара жатат. Бирок мен муну колдобойм, анткени дайыма эле өкмөттү алмаштыра берүүдөн улам инвестициялык долбоорлор ишке ашпай калып жатат. Мен андай мезгилге каршы болот элем. Айрыкча азыр, саясий кырдаал туруктуу болбой турган чакта анын кереги жок.
Сөзүнүн акырында ал Кыргызстанда ички иштер министрлигинин, экономика министрин, каржы жана билим берүү министрлерин алмаштырууга мораторий киргизүү керектигин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев кесиптештерин жаңы коалициялык көпчүлүк түзүүгө чакырды.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www