«Бакыт каты». «Кыргыз почтасы» жаранга жиберген билдирүүсүнө ушинтип жазып койгон (сүрөт)
Мекемедегилер бул колго жазылган олуттуу эмес жазууну ким жазгандыгын түшүндүрүп беришти
Кечээ социалдык тармактарда билдирүүнүн сүрөту таркады, ал жаранга «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынан келген. Анын үстүнө билдирүүгө «бакыт каты» деп кол менен жазылыптыр.
- Бул сүрөткө алып, видеого тартып каттоого алынган жол эрежесин бузууга келген айыптар, - деп түшүндүрдү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасындагылар. Алар бизде бакыт каты деп аталат, ЖКККМБ келип, биз аны дарек боюнча жеткирип беребиз. Почточу айтылган дарекке катты жеткирди. Бирок эшикти эч ким ачпагандыктан, ал жаранды почта бөлүмүнө кайрылуусун сурап билдирүу калтырып кеткен. Почтальон бул билдирүүгө «Бакыт каты» деп кол койгон.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www