Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев Infiniti үлгүсүндөгү автоунаасынын караңгылатылгандыгы тууралуу: Бул заводдон караңгылатылган. Алмаштыруу - кымбат (сүрөт)

ЖАМК төрагасынын сөзү боюнча, бул жолтандабасты ал убактылуу эле колдонот

ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев Nissan Infiniti маркасындагы жолтандабаста жүрөт. Жолтандабастын алдыңкы айнеги да караңгылатылган. Атка минердин машинасынын сүрөтүн «Марал.ФМ»порталы жарыя кылды.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттарынын да автамашиналары тартылган, бирок өзгөчө көңүл бурулган Nissan Infiniti QX80 айнеги караңгылатылган машина, ИИМ мурдагы башчысы, азыр ЖАМК төрагасы болуп турган Мелис Турганбаевге таандык.

Мелис Турганбаев Vesti.kg сайтына автотранспортту өзү айдаарын ырастады.

- Бул кызматтык эмес, жеке менчик машина., - деп түшүндүрдү Мелис Токтомамбектович. - Ал менин досумдуку болчу. Мен убактылуу эле айдап турам. Заводдон чыккандагы караңгылатуунун кандайдыр бир пайызы бар. Бирок айнекти алмаштыруу керек. А бул болсо кымбатка турат.
Ошону менен бирге ал эреже бузууга айып пул төлөөгө дайырсызбы, деген суроого жооп бере алган жок.

Эске салсак, быйыл үчтүн айында Мелис Турганбаев Vesti.kg сайты менен маектешип жатып Жогорку Кеңештин бир депутатынын акча төлөп караңгылатуу сунушун сындаган болчу.

«Айнекти караңгылатканда жолду кароо кыйындап, жол кырсыгынын саны өсөт. Андан сырткары, караңгылатылган айнекте кылмышкерлердин жүрүүсү жеңилдейт», - деп айткан жери бар Мелис Токтомамбетовичтин.
ИИМ ЖКККМБ маалымат кызматы ал арада Vesti.kg сайтына эреже бузуучуга карата протокол түзүлдү деп билдирди.

- Эгерде токтоткондо авторанспорттун айнеги караңгылатылган болсо, демек айып салынат, - деп түшүндүрдү андагылар. Ал эми заводдон чыккандагы караңгылатууга келе турган болсок, 70 пайыз жарык өткөрө турган болсо анда мыйзам боюнча уруксат берилет

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх