Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов өзүнүн Бишкекке алган авиабелетинин сүрөтүн чыгарды (сүрөт)

Мурдагы президенттикке талапкердин мекенине кайтаар күнү жана так убактысы белгилүү болду

Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга чын курандын он үчүндө учуп келет. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өз баракчасынан билдирди жана билеттин сүрөтүн чыгарды.

«Менин кымбаттуу кыргызстандыктарым! Мен силер менен кубанычтуу кабарды бөлүшкүм келет. Мен Бишкекке белет сатып алдым. Кудай буйруса ишембиде, чын курандын он үчүндө, саат 14:50 Кыргызстанга учуп барам. Силер менен жоолугушууга ашыгып жатам! Жоолугушканча, кымбаттуу кыргызстандыктар!», - деп жазат ал
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды).

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо бүткөндөн бери Орусияда болчу. Ага карата кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх