Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Элдик парламенттин» лидери: Атамбаев сотторду сатып алышы да толук мүмкүн

Бекболот Талгарбековдун жактоочусу экс-президентке каршы доо арыз документтерин жакында жөнөтөт

Камактан чыккан «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбеков, мурда Алмазбек Атамбаевге карата доо арыз жазууну көздөп жаткандыгын Vesti.kg сайтына билдирген болчу. Эми бир-эки күндө анын жактоочусу тийешелүү джокументтерди сотко жөнөтөт.

- Биз үч күн жактоочум экөөбүз иштейбиз, -деди Талгарбеков. - Эртен бүрсүгүнү биз документтерди сотко бергени жатабыз. Бардык кагаздарды чогултуп, биз он күн даярдандык.

Оппозиционер Атамбаев процессти утуш үчүн сотторду сатып алышы да мүмкүн экендиги толук мүмкүн экендигин айтат.
- Бизде соттордун курамы тазаланган эмес, башкача айтканда Атабаевдин тушундагы эле соттор, - деп белгиледи Талгарбеков. - Ошондуктан мен анын сотторду сатып алышынан күмөн санабайм.

Талгарбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берээри тууралуу маалымат быйыл жалган куран айынан баштап пайда болду. Атамбаев «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда, Талгарбеков ФСБ генералдарынын колдоосу менен төнкөрүш даярдады деп билдирди. Бирок оппозиционер бул маалыматты четке кагат жана бул анын Атамбаевди сотко берүүсүнө негиз болуп берет деп эсептейт.

Эске салсак, «Элдик парламенттин» лидери жалган курандын жетисинде мөөнөтүнөн мурда боштондук алып чыкты. Бекболот Талгарбеков Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин «Улут аралык кастыкты козутуу» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айыпталып 14 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх