Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туратбек Мадылбеков: Эл Бабановго мурункудай ишенбейт эми

«Республика - Ата Журттун» лидери Кыргызстанга келбей, өзү жана бизнеси тууралуу гана ойлоду деген пикирлер бар. Ага Текебаев менен Жапаровдун эр жүрөктүгү тууралуу эскертишти

Жергиликтүү бийликтердин Бабановду колдогон митингге уруксат бербей коюшу, анын Кыргызстанга кайтып келүү тууралуу оюнан кайтышына себеп болду. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Кубат Султанбеков билдирди.

 - Эгерде Бабановдун саясий өмүр жолун карап көрсөк, ал дайыма эл тууралуу сарсанаа болоорун көп айткан, - дейт Кубат Черикчиевич. - Бирок ал биринчи кезекте өзүн жана  бизнесин гана ойлойт. Анын үстүнө АКБ «Кыргызстан» банкына бийлик текшерүү кыла баштаган. Ушул нерсе анын келбей коюшуна бирден бир себеп болду көрүнөт. Ал ушул жерден камалып калышы тууралуу ойлонду. Башка бир жагынан алып караганда, ал чындап эле өлкөдөгү тынчтыкты ойлоду. Баары бир анын мыйзамсыз иштерин таап чыга турган кишилер четтен чыкмак.  

Эске салсак, кечээ Бабанов мекенге кайтып келем деген оюнан кайткандыгын билдирди, бирок аны тосуп алганы өлкөнүн төрт шаарында даярдыктар болуп жаткан.

- Албетте, анын үй бүлөсү жана партиялаштары тар чөйрөдө тосуп алышса деле болмок, - деп улантат Султанбеков. - Бирок миңдеген адамдардын колдоосу астындагы митингди уюштуруп, Бабановдун колдоочулары бар экендигин көрсөтүп коюу керек болчу.

Коомчулук Өмүрбек Бабановдун келбей калдым деген чечимин ар кандай кабыл алды. Көпчүлүк жарандар аны коркоктук деп эсептешти. Ал арада белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев саясатчынын туура кылгандыгын айтат.

- Провокация чыны менен даярдалып жаткан, - дейт Марс Осмонкулович Vesti.kg сайтына. - Бишкектеги жана башка шаарлардагы тынчтык митинги бийликти Бабановдун шылтоосу менен жаман көрсөтүү үчүн үчүнчү жактар үчүн эң сонун нерсе болуп бермек. Анткени КСДП өтө эле шектүү кадамдарга бара баштады, Өмүрбек Бабановго да кызыктай белгилерди бере баштады. Ошондуктан Бабановду күнөөлүү кылып туруп, ар кандай башаламандыктарды баштап жибериши толук ыктымал эле.

Эксперт он миңдеген элди башкаруу кыйын болуп калаарын баса белгиледи.

- ИИМ даярдалып жаткан провокация тууралуу ачык расмий түрдө жарыя кылгандыгын белгилей кетүү зарыл, - деп көрсөттү Сариев. - Эгерде азыркы Жээнбековдун бийлиги Бабановго каршы ою бар болсо, анда укук коргоочулар аны коркок, патриот эмес деген версияларга кошулмак да, мындай билдирүү кылмак эмес.  

Сариевдин ою боюнча, Бабанов кантсе да бир айдын ичинде кайрылып келип, алтурсун премьер-министрликке ат салышат.

- Мен АКБ «Кыргызстанды» текшерүү - бул саясий оюндун гана элементтери деп ойлойм, - дейт ал. - Бабанов менен баары бир байланыш түзүлүп калды. Белгилүү болгондой, парламент жакында эле өкмөттүн эсепчотун кабыл алды. Ошону менен бирге анын дарегине айтылган сындар өтө эле жөнөкөй болду. Анткени анын кызматта калуусуна президент тараптан колдоо болуп жатат. Менимче, аны жакын арада кызматтан алышпайт, ал эми Бабанов болсо бир айдын ичинде дагы келип премьерликке ат салышат.  

Ал ортодо Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Туратбек Мадылбеков  Vesti.kg сайтына берген комментарийинде Бабановдун элдин колдоосунан айрылгандыгын билдирди.

- Мен Бабановду аянттан тосуп алганга ниеттенген кишилер менен баарлаштым, - дейт мурдагы депутат. - Алардын эч кимиси провокация тууралуу уккан эмес. Жарандардын агрессивдүү маанайы деле билинген эмес. Экс-депутаттын келишине баары эле кубанып, тосуп алганы жатышкан. Анан эле ал барбай калдым деп билдирип калды. Мен Бабановдун тарапташтарынын шаабайлары сууп калганын көрдүм. Эл эми ага ишенбейт.

Мадылбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдордун руху кандай бийик экендигин жана камалаарын билип туруп мекенине кайткандыгын эске салды.

- Алар чыныгы саясатчылардай кадамга барышты жана кайтып келишти, - деп баса белгиледи ал. - Бабанов келип, өзү айткандай актыгын далилдеши керек болчу. Бирок текшерүү туура эле. Эгерде НТС каналын эле ала турган болсок, ал 2010-жылга чейин Максим Бакиевдики болчу, анан эле кандайдыр бир жолдор менен Бабановдуку болуп калды. Ал компанияны өзү улутташтыруу керек болчу.

Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга чын курандын он үчүндө учуп келмек болчу.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

 






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх