Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Референдум болобу? Курултайчылар 10 миң кол топтогонго уруксат алышты

Тийешелүү документ адилет Министрлигинен расмий каттоодон өттү

Элдик Курултайдын аткаруучу комитетинин демилгечи тобу референдум өткөрүүгө шайлоочулардан он миң кол топтоого уруксат берген күбөлүк алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Курултайдын аткаруу комитетинин өкүлү Айбек Мырза билдирди.

Тийешелүү мыйзамдолбоор курултайчылардын экинчи жолку аракетинен кийин адилет Министрлигинде катталды. Жалпы элдик добуш берүүдө үч маселе киргизүү ниеттелип жатат: бийликтин курултай институтунун алдында жооптуу болушу, башкаруу түзүлүшү тууралуу - президенттикпи же парламенттикпи, ошондой эле депутаттарды шайлоо системасын өзгөртүү тууралуу - партиялык, бир мандаттуу же аралаш.

Демилгечи топ көздөгөн дагы бир нерсе - бул жалпы улуттук конституциялык кеңешме. Курултайчылар өздөрүнүн ойлогондорунун ишке ашышынан күмөн санашпайт. Алар токтоосуз түрдө кол топтоого тиеттенүүдө, ошондой эле кичи аймактарда көтөрүлгөн маселелердин маанисин чечмелөөчү кичи курултайларды өткөрүшмөкчү.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх