Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин камакка алды

Коопсуздук кызматы биометриялык паспортторго бланка сатып алуунун алкагында иш козгогон

Маалым болгондой, «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-секретар Данияр Бакчиев и Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары

Русланбек Сарыбаев камалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Коопсуздук кызматы биометриялык паспортторго бланка сатып алуунун алкагында иш козгогон.

Мамлекеттик каттоо кызматы аталган кызматкерлердин ордунда жоктугун ырасташты. Ал эми «Инфоком» Талант Абдуллаевдын эмгек өргүүдө экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, тендердик комиссия сынактын жеңүүчүсү катары Garsu Pasaulis компаниясчын тапкан. Компания 40 миллион 150 миң сомго бланкаларды алып келүүгө даяр. Тендерге катышкан IDEMIAFrance SAS сынак жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү кызматы тергөө иштерин баштаган.

-Учурда УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин баштады, - деп Vesti.kg сайтына УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов маалымдады. - Толугураак маалыматты кийинчерээк беребиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх