Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Масалиев: Батукаевди бошоткондо башпрокурор менен омбудсмен сөз сүйлөгөн. Азыр Суталинов ооруп жатканда алар кайда?

Депутат эмне үчүн «мыйзамдагы ууру» боштондукта, ал эми генералдын камакта экендигине айран таң калат

Кечээ күнкү камактагы Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу иштин процессине Суталиновдун өзү жана ЖАМК кызматкерлеринин келбей калышынан улам башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев фейсбук социалдык тармагынан билдирди.

Саясатчы Суталиновдун акыбалын мурда ооруду деп түрмөдөн бошотуп жиберишкен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдики менен салыштырды. Эл өкүлү эмне үчүн бул учурда Башпрокуратура менен Акыйкатчы аракетсиздик кылып жатат деп суроо салат.

«Прокуратуранын өтүнүчү менен Батукаевди бошотушканда Башпрокурор менен Акыйкатчы парламенттин депутаттарынын алдында жооп беришкен. Ал катуу оорулуу, жакында өлүп калат, баары мыйзамдуу дешкен. Анан алны коштоочулар менен Бишкектен чыгарып учакка салып коюшкан. Аны типтирүү, алты саны аман деп атышат.

Ал эми Мурат Суталиновдун тагдырын болсо биздин соттор таптакыр чече алышпайт экен, ал эч кайда учуп деле кетпейт. Ал оорулуу…
Акыйкатчы менен Башпрокурор кайда жүрөт?», - деп жазат Исхак Масалиев.
(автордун орфографиясы жана пунктуациясы бузулбай сакталды).

Коррупцияга каршы Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча коопсуздук Кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, билим берүү министринин кеңешчиси Кайрат Осмоналиев да четте калган жок.
Ал Мурат Суталиновдун мындай акыбалында алар эмнеге маалкатып жатышкандыктары тууралуу кээ бир генералдар менен талкууга алгандыгын белгиледи. Осмоналиев бул тууралуу фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасына жазды.

«Бир нече тааныш генералдарга чалып, жаздым. Алардын Суталинов тууралуу ойлоруна кызыктым. Үн катышкан жок, бир Президентке байланышка чыга ала турган гана аткаминер баары жакшы болот деп жазып койду. Шылдыңдадыбы же ошондой эле маңырообу билбейм. Мезгили келгенде бул генералдардын мансаптык жолдорун да жазып чыгам. Бекеринен айтпаса керек көңүл коштордон кркуу керек деп, ошондуктан мамлекет артына кетип баратат. Батукаевдин кантип кыргыз сотторун сатып алгандыгын жана өмүр бою кылмышкерлер менен күрөшкөн генералдын катуу оорудан кыйналып жаткандыгын көрүп туруп ачуум келгендиктен жанымды коёрго жер таппайм», - деп жазат Осмоналиев.
(автордун орфография жана пунктуациясы бузулбай берилди).

УКМК мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун иши боюнча сот професси бугу айынын жетисине жылдырылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх