Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары сейил бактын жерин үй курулушу үчүн сатып жиберишкенби? (сүрөт)

Кыргызстандын түштүгүндө эл өкүлдөрүнүн отставкага кетишин талап кылып, эл менен кошо балдар да чыгышты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шарынын тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзамсыз жер участогун сатканы үчүн айыпташты. Эл өкүлдөрүнүн отставкасын талап кылып Асаналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары бүгүн митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясынын катышуучусу Мутавар Дарбишева айтып бергендей, тургундарга сатып жиберген жерге сейил багын курабыз деп убада беришкен.

- Бизге бул жерди эс алуучу жер болот деп убада беришкен эле, - деп билдирди ал. - Бийлик бул жерге балатыларды эгишкен, аскерлер күнү түнү кайтарышчу. Бир ай өтүп эле дарактарды кыйышты, кароол кетээри менен эки кабаттуу там салып башташты, бирок биз ага макулдугубузду берген эмес болчубуз. Бүгүн биз жааган жамгырга карбай бала чакабыз менен укугубузду коргогону чыктык. Биз элди ойлобогон депутаттардын отставкасын талап кылып чыктык.

Жарандык активист аял Роза Маманова да Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу. Ал Vesti.kg сайтына бул сйеил бактын жери Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун эжесине сатылгандыгын айтты.

- Митингге алтымышка чукул адам чыкты, - деп белгиледи ал. - Бизге депутат Сайдолимжон Жураев менен автобазанын башчысы Жалил Султановдун 1 гектар 76 сотых жерди парламенттин депутаты Зиядин Жамалдиновдун эжесине саткандыгын билебиз. Курулуш водоканал жана башка органдардын макулдугусуз жүрүп жатат.

Ал эми Сайдолимжон Жураевдин өзү болсо Vesti.kg сайтына берген комментарийинде ал жер үлүшүнө катыштыгы бар экендигин караманча танды.

- Муну көп жылдан бери айтып келе жатышат, - дейт эл өкүлү. Менимче, бирөөлөр пиар кылып атат бейм. Менин андай ыйгарым укугум эч качан болгон эмес. Мен жерди бөлүштүрүп, сата албайм.Кызыл-Кыянын мэриясы участокту өткөрүп берүү тууралуу токтомду көрсөтсүн. Эгерде ошол жерден менин фамилиям чыкса, анан сүйлөшөлү. Бирок менин бул шаарда бир таман да жерим болгон эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өз кезегинде Vesti.kg сайты менен болгон маегинде өзүнүн жакындарынын жер сатып алгандыгын да четке какты.
Ал өзүнүн эжесиинин он жылдан ашык убакыттан бери Кызы-Кыяда жашабагандыгын түшүндүрдү.

- Улуу эжемдин Бишкекке кеткенине 15 жыл болду, кчүүсүнө 10 жыл болду, - деп түшүндүрөт ал. - Мен азыр алар менен байланышып, карындашымдын 2 сотых жери болгондугун, аны да кийинчерээк сатып жибергендигин билдим. Бирок алар жерди жеке жактан сатып алышып, кийинчерээк сатып жиберишкен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх