Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сотторду тандоо Кеңешинин мүчөлөрүнө сыйлык төлөп берүүгө болобу?

Мурдагы сот кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул демилгесине ар түрдүү пикир айтышты

Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо Кеңеши тууралуу» Кыргыз республикасынын Мыйзамына түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзамдолбоорду экинчи окууда жактырышты. Бул мыйзамдолбоорго Жогорку Кеңетин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев демилгечи болушту.

Мыйзамдолбоорго ылайык, ай сайын сотторду тандоо Кеңешинин мүчөлөрүно материалдык сыйлык бөлүп берүү керек, анткени аларга негизги жумушуна чектөө коюлуп жатат.
- Эгерде сотторду тандоо Кеңешинин мүчөлөрү эч жерде иштебесе, киреше булагы башка эч жерде жок болсо, анда аларга айлык акынын орточо өлчөмүн белгилеп берүү керек, - дейт Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов.
- Эгерде алар башка бир жерде иштеп айлык алса, анда төлөнбөшү керек.

Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулова өз кезегинде бул мыйзам долбоорго караманча каршы чыкты.

- Баш мыйзамда сотторду тандоо Кеңеши сот системасынын өкүлдөрүнөн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт деп так жазылып турат, - деп белгилейт Клара Сыргакбековна. - Бул ишмердүүлүк коомдук башталышта гана ишке ашат. Бирок тилекке каршы азыр сотторду тандоо Кеңеши эң көп көйгөйдү өзүнө камтыйт. Бул саясатташкан орган. Жарандык коомдун чыныгы өкүлдөрү бул кеңеште жок. Мен бул сыйлыктын берилишине караманча каршымын. Биз ошону менен бирге аны коомдук ишмердүүлүккө эмес акы төлөй турган кызматка теңеп жатабыз. Бул чындап эле коомдук ишмердүүлүк болсо, демек, анда жарандык коомдун сотторду тандоого катышуудагы миссиясы болуп калат. Ал эми буга акы төлөй турган болсок, анда ал миссия маанисин жоготуп коёт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх