Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокурор эмне үчүн жемкорлордун тизмесинде бажы менен «Каржы полициясынын» жоктугун түшүндүрүп берди

Депутат Жанар Акаев дарыгерлер менен мугалимдердин барып турган жемкор деп аталышына нааразы

Жемкор мекемелердин тизмесинде айлык акысы өтө аз мекемелер көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү бул тизмеде ЭКККМК (Каржы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын жоктугуна нааразы болду.

- Саламаттык сактоо Министрлиги менен укук коргоо органдарын көрсөтүшүптүр, - дейт Акаев. - Мугалимдер, дарыгерлер жана милиция эң эле аз айлык алышат өлкөдө, бирок силер аларды жемкор деп атап жатасыңар.

Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов өз кезегинде бул тизменин кантип түзүлгөндүгүн айтып берди.

- Бул тизме жарандардан келип түшкөн арыздын негизинде түзүлгөн, - деп белгиледи ал. - Жемкорлук схемага дарыгерлер да, мугалимдер да кирген эмес. Мыйзам бузуу жетекчилик тарабынан башталат, буга бухгалтериясын да кошо кетсе болот.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх