Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ангела Меркель: Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланышын тереңдетүү зарыл

ГФР Федералдык канцлери Сооронбай Жээнбековго Евробиримдик азыр Борбордук Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыгып жаткандыгын айтты

Кыргызстандын Германия менен экономикалык байланышы бар, бирок аны тереңдетүү зарыл.

Бул тууралуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жоолугушуунун алкагында маалымат үчүн билдирди.

Ангела Меркель адегенде Париж Кудайэнеси Соборундагы өрткө байланыштуу көңүл айтты.

Андан соң Жээнбековго кайрылып, анын президент катары Германияга расмий сапар менен алгачкы жолу келишин белгилеп, кубануу менен учурашты.
«Мен Кыргызстанда 2016-жылы болгом, ал өлкөнүн кооздугу алиге эсимден кете элек. Сиздер өз көйгөйүңүздөрдү чечип жатасыздар - парламенттик демократияны орнотуп, табигый ресурстарга мамиле кылууну жөнгө салып, геостратегиялык чакырыктарды баштан өткөрүп жана ар тараптуу кызматташып жатасыздар», - деди Меркель.

Ал Германия жаштар жана билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташууну чыңдоого багыт алат деп белгиледи.
«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда 25 өнөктөштүк бар. Германияда 500 ашуун студент окуп жатат, силердин делегацияңардын арасында немис азчылыгынын өкүлдөрү да бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирүүчү көпүрө катары кызмат кылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 8 миң немис жашайт», - деп белгиледи ал.

Ангела Меркель кечээги Мюнхендеги экономикалык форум экономикалык кызматташтыктын башталышы болуп калгандыгын баса белгиледи.

«Силер Кыргызстанды жана өзүңөрдүн өнүгүү жаатыңарды жакшы тааныштырдыңар. Мен силердин өлкөңөрдүн аймагын чыңдоо максатыңарга урматтоо менен мамиле кылам. Айрыкча климат жана сууну колдонуу боюнча. Аралды сактоо боюнча фонддун алкагында биз бул маселелерди биргеликте чечебиз. Евробиримдик азыр Борбордук Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгып жатат жана Бул маселеде биз сиздердин ЕБ тууралуу эмнелерди айтаарыңыздарды уккубуз келет», - деди Федералдык канцлер Ангела Меркель.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх