Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-омбудсмен Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевди күнөөлөдү

Турсунбек Акун «мыйзамдагы уурунун» кылмыш ишинин жандандырылышы менен ага катыштыгы барлардын баары жоопко тартылат деп ишенет

Азиз Батукаевдин иши боюнча күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алышы керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун билдирди.

- Эгерде Батукаевди Кыргызстанга алып келишсе мен кубанмакмын, - дейт ал. - Ага туура эмес диагноз коюлган. Бул кампаниянын курмандыгы мен гана болдум. Чоң кызматтан айрылгам. Батукаевди мыйзамсыз жана урматтап чыгарып жиберишти. Кылмышкер эмес эле эң кымбат адамды чыгаргандай кылышты. Мен адам укуктарынын Конвенциясына ылайык, эгерде киши катуу оорулуу болсо анда аны чыгаруу керек. Эми болсо мен айыптуу болуп калдым. Батукаевдин бошотулушуна катышы барлардын баары жазасын алуулары керек. Бул маселеде эң башкы ролду ойногон Шамиль Атахановду да жазага тартуу керек. Батукаевди бошоткон Жапар Эрматов деген сот, ал азыр сотто жогорку кызматты ээлеп отурат. Аны кызматтан алып, кылмыш ишин козгоонун ордуна кайра кызматтан жогорулатышты. Турсунбек Акун «мыйзамдагы уурунун» боштондукка чыгуусунун артында экс-президент Алмазбек Атамбаев турат деп ырастайт.

- Бул иш Атамбаевдин колунан келген, - деп ишенимдүү айтат экс-омбудсмен. - Анын көрсөтмөсү болбосо Батукаевди бошотууга эч ким даай алмак эмес. Шамиль Атахановго да, менимче, Атамбаев көрсөтмө берген. Мен башпрокуратуранын чечимин кош колдоп колдойм. Ошол учурда премьер-министр болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев да эч кандай чечим чыгарган эмес. Парламенттик комиссия токтомду өкмөткө берди, ал эми аткаруучу орган тапшырманы аткарды. Бул кылмыш ишинин мөөнөтү эч качан өтүп кетпейт. Эртеби, кечпи чындык калкып чыгат. Кимдир бирөө акчасын алган болсо, жооп берет.

Түшүндүрө кетели, Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Азиз Батукаевдин иши жандандырылды деп айтты. Башпрокурор Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМ мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев бул кылмыш иши тууралуу күбө катары сурак берээрин айтты.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх