Сот Токтайым Үмөталиеванын Кубанычбек Кулматовду коргоосуна тыюу салды
Андан сырткары, мурдагы шаарбашчынын иши боюнча болуучу процессте телеоператорлордун видео тартуусуна уруксат беришкен жок
Бүгүн Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иштери боюнча сот отуруму болот.
Сот процессиндеги видео жана аудиожазууга тыюу салуу тууралуу айыптоочунун өтүнүчү келтирилди. Сот айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырып, сот залынан телеоператорлорду чыгарып жиберди.
Андан сырткары, Токтайым Үмөталиева сотто Кулматовду коргобосун деген өтүнүч келтирилди. Анткени ал экс-мэрдин коомдук коргоочусу болуп саналат. Сот прокурордун өтүнүчүн канаатандырды жана Үмөталиева нын коргоого укугу жок деп эсептеди.
КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www