Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП расмий лидери Сагынбек Абдрахманов болуп калды

Адилет Министрлиги партияны жаңы дарек жана жаңы жетекчи менен каттады

Адилет Министрлиги КСДП партиясын кайра каттоодон өткөрдү - эми «социал-демократтардын» расмий жетекчиси Сагынбек Абдрахманов болуп калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

- Биздин өлкөдө эмне эле болуп атат? - деп каңырыгы түтөдү анын. - Адилет Министрлиги көчөдөн келген эле кишилерди каттай береби? Абдрахманов деген ким? Мен министрлик Абдрахмановду партиянын жаңы лидери кылып каттап, жаңы юридикалык дарек бергендигин билдим. Бизде кайрадан президенттик башкаруунун формасы келип калганбы?

Карамушкина мекемеге кайрылып, документтерди жарыя кылып, ошонун негизинде партия кайрадан катталышын айтты.

- Өзүн президент кылган партияга ушундай мамиле кылганга болобу, мен түшүнбөй калдым? - деп кайрылды ал мамлекет башчыга. - Кантип эле Атамбаев менен укуктук талаада сүйлөшкөнгө мүмкүн болбосун?

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх