Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастанбек Жумабеков жеке каржылык иштери менен Түндүк Кипрге бардыбы?

Ал өлкөнү дүйнө коомчулугу жана Кыргызстан тааныган эмес, ошондуктан расмий кишилердин ал жакка барган сапары мыйзамсыз болот

Жогорку Кеңештин депутаттары жана азыркы спикер Дастанбек Жумабеков Кыргызстан тааныбаган Түрк Республикасынын Түндүк Киприне 2017-жылы кулжа айында барышкан.

Расмий жоолугушуунун видеосу 2017-жылы кулжа айынын жыйырма биринде AMBASSADOR TRNC-KKTC KYRGYZSTAN-BISHKEK YouTube-каналында жарыя болгон.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ТРСК-TRNC-KKTC - Түрк Республикасынын Түндүк Киприне расмий сапары, - деп аталат. - Депутат Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештеги депутаттык тобунун лидери - КР ЖК менен Түрк Республикасынын Түндүк Кипринин өкмөтү жана Түндүк Кипрдин президентинин достугунун көпүрөсү».

Ошондой эле, андагылар Жумабеков менен бирге ал жерге мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун жана Түндүк Кипрдин Кыргызстандагы элчиси Тайсер аль Шанабеленин келгендигин белгилешти.

Анткени менен эске сала кетүүчү нерсе, Түрк Республикасынын Түндүк Кипри - дүйнөлүк коомчулук тааныбаган мамлекет. Аны бир гана Түркия тааныган.

Кыргызстандын ТРТК менен эч кандай элчилик мамилеси жок. Ошондо бул сапарды кандай деп бааласак болот?

Булактардын маалыматы боюнча, Дастан Жумабеков бул сапар тууралуу Кыргыз Республикасынын парламенти жана тышкы иштер Министрлиги менен макулдашкан эмес. Ошондой эле булактар төраганын Түндүк Кипрди кокусунан тандап албагандыгын жана бул эч ким тааныбаган өлкөдө анын материалдык кызыкчылыктары болгон деп ырасташат.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Vesti.kg сайтына Дастан Жумабековдун спикер болуп турган чакта ТРТК барбагандыгын айтышты.

Андай болушу толук мүмкүн, анткени ал төрагалык кызматка 2017-жылы тогуздун айынын жый ырма бешинде киришкен, башкача айтканда ал видеотасма YouTubeга жайылгандан беш ай өткөн соң.

- Ал эми бул сапардын макулдашылгандыгы же макулдашылбагандыгы тууралуу биз силерге эч нерсе айта албайбыз, - деп жооп беришти маалымат кызматындагылар. Андан соң Vesti.kg сайты КР ИИМ кайрылып, Кыргызстан тааныбаган өлкөгө парламенттин депутаттарынын барышы мыйзамдуубу деген суроону бердик. Ал жерден болсо бизге бул кырдаал тууралуу кийинчерээк жооп беришээрин айтышкан. Бирок андан бери жети күн өттү, жооп жок.

Элчилик академиясынын проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде 2016-жылы Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимов ал аймактын расмий ээси болгон Кытай эл республикасынын башын аттап эч ким тааныбаган Тайвань өлкөсүнө баргандыгын эске салды.

- Ал ошонун айынан вице-спикерлик кызматтан айрылган, - деп белгиледи юрист.

Анын оюнча, эл аралык укуктун көз карашы менен таанылбаган мамлекетке мамлекеттик расмий адамдын барышы туура эмес. Бирок муну кандайдыр бир чагым катары эмес эл аралык нормалар маселесиндеги сабатсыздык катары баалаш керектигин баса белигледи Осмоналиев.

Мурдагы депутат Марс Сариев депутаттардын мындай кылганы туура эмес, бирок аны мыйзам бузуу дешке болбойт деп эсептейт.
- Биздин депутаттар Түштүк Осетияга жана Тайванга барышкан, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал нерсе алардын өз карьералараына гана залакасы тийет.

Эске сала кетели, 2017-жылы бугу айында Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов Орусиянын курамындагы Крым Республикасына барышкан. Алар ал жерде Крым Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин вице-спикери Ремзи Ильясов менен жоолугушкан.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигине нааразы нотасын жолдогон. Украинанын президенти Порошенконун сайтында биздин депутаттарды Украинанын аймагына киргизбөө тууралуу маалымат пайда болгон.

Карамушкина жана Аманкулов Крымга расмий эмес жеке иштери менен барышкандыгын айтып, ал жерде расмий жоолугушуу болгон жок деп актанышты.

2014-жылы жалган курандын он алтысында Крым жарым аралынын тургундары Орусия Федерациясынын курамына кирүү тууралуу референдумда добуш беришти. Референдумдун жыйынтыгын расмий түрдө Армения, Түндүк Корея, Боливия жана Никарагиа гана тааныган.

Түрк Республикасынын Түндүк Кипри (Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti, KKTC) — Кипр аралынын үчтөн бирин ээлеген түндү атарбындагы өлкө. Ал өлкө бир гана Түркия тарабынан таанылган. БУУ жана дүйнө коомчулугу бирдиктүү Кипр тарабында.
Түрк Республикасынын Түндүк Кипринин калкынын саны 294 миң 906 киши. Улуттук көпчүлүк - этникалык түрктөр.
ТРТК Кипрдин башка бөлүгүнөн буфердик зона менен бөлүнгөн.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх