Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет Министрлигиндегилер эмне үчүн алардын сайтында Атамбаев мындан ары КСДП төрагасы эмес деп жазылып тургандыгын түшүндүрүштү

Нааразы болгон депутат Анвар Артыков «рейдерлик кылгандыгы үчүн алар баары жооп беришет», деп билдирди

Алмазбек Атамбаев мындан ары Кыргызстандын социал-демократтарынын төрагасы эмес. Ал орунга эми Сагынбек Абдрахманов келди. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын адилет Министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн. Бул тууралуу парламентте депутат Ирина Карамушкина билдирди.

КСДП «Жетекчинин аты жөнү» деген сапта Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин ордуна Сагынбек Үмөталиевич Абдрахмановдун аты пайда болду.
«Партияны түзүүчү» болуп Алмазбек Атамбаевдин ордун «Физикалык жакты алмаштыргыла 1» деп жазылып турат.
Юридикалык дареги да Шабдан баатыр 4Б дегенден Эркиндик 45 деп өзгөртүлгөн.

Ал эми калган нерселери болсо өзгөрүүсүз калган, партияны кайра катталган күнү да ошол бойдон
(16.09.2016), ИНН, телефондор, электрондук дарек.
Чын курандын башында Абдрахманов (КСДП Атамбаевсиз) «КСДП жаңылануунун жана кайра жаралуунун жолунда» деп билдирген. Партияны адилет Министрлигинде кайра каттоодон өткөрүү үчүн ага партиянын Уставынын түп нускасы керек болгон. Ал Уставдун түп нускасы менен мөөрдү бергенден баш тарткан учурда сотко берүүгө ниеттенген.

Мекемедегилер КСДП партиясын кайра каттоо болбогондугун түшүндүрүштү. Анткени менен 2019-жылы чын курандын бешинде жетекчинин жана саясий кеңештин өзгөргөндүгү тууралуу билдирүү келди. Саясий партиянын турган жери да которулгандыгын билдиришти.
Билдирүүгө партиянын 18 съездинин протоколу жана жаңы жетекчи Абдрахмановдун паспортунун көчүрмөсү тиркелген.

«Кыргыз Республикаснын «юридикалык жактарды , юридикалык жактардын филиалдарын мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзамдын 18 беренесине ылайык, юридикалык жак катталуучу органга башкаруучу курамдын өзгөрүүсү, башкаруучунун алмашышы же юридикалык дарегинин өзгөрүшү тууралуу 30 календарлык күн ичинде билдирүүсү керек, - деп билдирди маалымат кызматы.
- Каттоочу органга юридикалык жактын жетекчилигинин колу менен жана жаңы жетекчинин шайлангандыгы тууралуу чечимдин тиркемеси, ошондой эле паспорттун көчүрмөсүн алып келиши керек.
Башкача айтканда адилет Министрлигине жөнөтүлгөн жетекчинин алмашкандыгы тууралуу билдирүү юридикалык жактын милдети болуп саналат, ал эми адилет Министрлиги үчүн бул билдирүү кабарлап коюуну гана түшүндүрөт».

Бул берилген документтеги маалыматтын тууралыгы, тактыгы жана юридикалык жоопкерчилиги арыз берүүчүнүн мойнундагы иш деп баса белгилейт адилет Министрлигиндегилер.

Мекеме жөн гана зарыл бюолгон маалыматтарды юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизип коёт жана бул тууралуу тийешелүү органдарга билдирүү жиберет.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Vesti.kg сайтына бул болуп жаткан нерселерди териштирүү кыйын болуп калгандыгын мойнуна алды.

- Бул деген кадимки баскынчылык, болгондо да мамлекеттик органдын катышуусу менен, - деди ал. - Биз баарыбыз бул дүйнөгө келген конокпуз. Ал эми рейдерлик басып алуу үчүн алар баары качандыр бир убакта жооп беришет.
КСДП маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевадан комментарий алууга Vesti.kg сайты мүмкүнчүлүк ала алган жок.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх