Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура: Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу азырынча келип түшө элек

Көзөмөл органындагылар КСДП кайрылуусу тууралуу расмий катталганга эч нерсе айтканга болбойт дешет

Башкы прокуратурага КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин көзөмөл органынын башчысы Өткүрбек Жамшитовдун атына болгон кайрылуусу келип түшө элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

- Азырынча эч нерсе келип түшө элек, - дешти андагылар. - Бирок кийинчерээк келип түшөт деген жоромолдор бар. Бардык арыздар катталууга тийиш, ал эми Алмазбек Атамбаев тарабынан берилген кайрылуу каттала элек.

Vesti.kg сайтынын саясий партиянын адилет Министрлигине киргизген өзгөртүүлөрүнүн мыйзамдуулугун Башпрокуратура текшереби деген суроосуна маалымат кызматы мындайча жооп берди:
- Азыр бир нерсе дегенге болбойт, анткени биз кайрылуунун тексти менен тааныша элекпиз. Кийинчерээк белгилүү болот, - деп түшүндүрдү андагылар.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты КСДП маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун атына жасаган кайрылуусун таркаткандыгын маалымдаган эле.

Текстте адилет Министрлигинин кызматкерлери тарабынан «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары одоно түрдө бузулуп жаткандыгы» тууралуу айтылат.

«Министр Жаманкулова М.Т. дарегине берилген биздин үч эскертүүбүзгө карабай, ошондой эле КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Касымбеков Н.А. министрдин орун басары Эсеналиев М.К. менен жоолукканын жокко чыгарган. Анда «КСДП Атамбаевсиз» деген коомдук кыймыл тарабынан даярдалып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу айтылгандыгына карабастан, Адилет Министрлиги КСДП эч кандай тийешеси жок кыймыл менен сүйлошүп алып юридикалык жактарды Бирдиктүү мамлекеттик каттоого алуунун реестрине мыйзамсыз өзгөртүү киргизген», - деп айтылат кайрылууда.

КСДП партиянын бузулган укугунун тез калыбына келтирилишин жана токтоосуз калыс иликтөөнү талап кылат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх