Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов Бакиевди актаганга аракет кылгандарды карап туруп, үндөбөй коё алган жок

Экс-премьер 2010-жылкы ыңкылапта чет мамлекеттин атайын кызматы кийлигишкендиги тууралуу Алексей Елисеевдин келтирген жүйөлөрүн сынга алды

Экс-премьер-министр Феликс Кулов 2010-жылкы ынкылапты уюштурууга башка өлкөнүн атайын кызматтарынын катыштыгы бар дегенге ишенбейт. Өз жүйөлөрүн саясатчы Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- 2010-жылкы апрель окуясынын жагдайлары жана себептери эмдигиче карама карышылыктар менен талаш тартыштары басылбай келет, - деп белгиледи ал. - Чын курандын жетиси болоор алдында бул тууралуу өз ойлорун мурдагы ЦАРИИ боюнча Максим Бакиевдин орун басары жана Өмүрбек Текебаевдер айтышты. Алардын бул маселедеги алган багыттары ошол кездеги апрель окуясындагы кан төгүүнүн эки негизги себебин чагылдырат.


Алексей Елисеевдин маегинен үзүндү:

«Мен Кыргызстанда мурдатан даярдалып жана тыкыр изилденген куралдуу төңкөрүштү чет элдик атайын кызматтар ишке ашырышкандыгын дароо эле түшүндү. Мен өз коопсуздугумду сактоо максатында өзүмдүн баканоозумду Алмазбек Атамбаевдин штабынын күч блогунда кармадым. Ал өз убагында мага бийликти күч менен басып алуу даярдалып жаткандыгын билдирди. Шаардын борборунда ок дары жана курал катылган кампалар уюштурулган.

Кандайдыр бир кароолчулар атайын каражаттарды жана куралдарды алып эркин жүрүш үчүн казиного жумушка орношкон. Ал эми бардык иш чара сырттан көзөмөлдөнгөн. Бирок төңкөрүштүн ийгиликке жетишине бийликтин алсыздыгы жана кадимки эле атайын кызматтын саткындыгы да себеп болгон. Тагыраагы алар тараптан ант деле бузулган жок, анткени кыргызстандык коопсуздук органдарынын калкалоосу менен орусиялык чекисттер өздөрүнүн чыныгы командиринин буйругун аткарышты».

Өмүрбек Текебаевдин интервьюсунан үзүндү:

«Бакиевдер өлкөнүн аймактарында өткөрүлчү оппозициянын курултайын күтүп жатышкан. Алар ошол курултайда провокация уюштуруп, оппозиция лидерлерин кармайбыз деп жатышкан болчу. Ошондуктан «Форумга» бир машина толо курал жарагы менен келген. Курал жарак аскерлердин колунда эмес, машинада болчу».

Феликс Шаршенбаевич бул айткандарга көңүл бурбай деле койсо боло тургандыгын, бирок чет элдик атайын кызматтар катышкан деген сөздү жөн койгонго болбостугун белгиледи.

- Алексей Елисеевдин машинадагы курал жаракты бакиевчилердин өздөрү алып барышкандыгын эч качан моюнга алмак эмес, анткени анда өзүнүн досторун жана өнөктөштөрүн күнөөлүү дегенге туура келип калмак. Куралдуу провокация уюштурууну бийликтин структуралары өздөрү уюштургандыгын ал такыр эле мойнуна алгысы келбейт, - дейт ал. - Ушундан улам ал чын курандагы окуяга чет элдик атайын кызмат катышкан дегенди айтып жатат.

Куловдун айтымында, Бишкектин аянтындагы кан төгүүгө чет мамлекеттин атайын кызматынын тийешеси бар джеп коюшка супер-аналитик болуштун деле кереги жок.

- Бул жерде жетинчи апрельдеги окуяны өрчүтөбүз дегендердин ою боюнча, ал жөнөкөй гана схема менен болуш керек эле, - дейт ал. - «Форумдун» имаратына курал салынган машинаны атайылап жиберишкен, ал көтөрүлүшчүлөрдүн көңүлүн бурбай коймок эмес. Ачкандан кийин баары талап алышмак. Кайсы эркек колуна курал алууну каалабасын?
Ойлору ишке ашты, курал дарегине жетти. Андан ары бул ишти уюштурган автордун ой жүгүртүүсү боюнча, колуна курал алган эл бир гана Ак Үйгө жөнөмөк. Анткени түндө Текебаев, Атамбаев жана башкалар камалып калышкан. Бул комбинация өзүн өзү актады.

Саясатчы жүк ташүүчү машина менен биздин өлкөнүн аймагына курал жарак алып келип, кандайдыр бир чет өлкөнүн атайын кызматтары оппозициянын лидерлери камалган күнү элдерге таратып жиберген деген сөз арык аттап суу кечпейт дейт.

Демек «өздөрү» эле

- «Өздөрү» деген кимдер? - деп суроо берет ал. - Тергөө эң орчундуу суроого жооп берген жок. «Өздөрүнүн» ичинде куралдуу топко карата курал колдонуп, бийликти күч менен басып алганы жаткан деген шылтоо менен оппозициядан биротоло кутулуу кимге пайдалуу болгон. Албетте бул баарынан мурун ошол кездеги бийликке керек болгон. Ошондуктан алардын куралдуу кишилердин агрессиясына каршы күч колдонуу мыйзамдуу болмок. Дүйнөлүк коомчулуктун алдында да жүздөрү жарык болмок.

Өзүнүн айткандарын бекемдеш үчүн Кулов мамлекеттик кароол Кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда куралчан адамдарды гана аткыла деп буйрук бергем дегенин жүйө катары колдонот.

- Курманбек Бакиев да ошону айтты, - дейт ал. - Анткени муну танып кеткенге болбойт болчу. Ички иштер министри Молдомуса Коңгантиев Таласта болчу. УКМК төрагасы Мурат Суталинов да, коргоо министри Бакыт Калиев да мындай буйрукту бере алмак эмес. Бирок бул жерде бир маанилүү учур бар. Буйрукту Жаныш Бакиев өзүнүн кароол Кызматындагыларга гана бере алмак. Башка кү түзүмдөрүнүн кызматкерлери башка бөлүкчөнүн жетекчиси катары Жаныш Бакиевдин буйругун аткарууга укугу жок болчу.

Феликс Шаршенбаевич жагдайга карап укук коргоо кызматкерлери мыйзамдын чегинде табелдик куралды колдонгонго жана чечим кабыл алганга укуктуу экендигин айтат. Бирок ал үчүн жарандардын жана өзүнүн өмүрүнө коркунуч келиши керек.

- Ошондуктан чын курандын жетисиндеги окуяга Мурат Суталиновдун да кыйыр түрдө күнөөсү бар жана ал юридикалык жактан да моралдык жактан да мыйзамсыз болот, - деп ынандырат ал.

Елисеевдин жаңы ачуулары

Кулов Алексей Елисеевдин айткандарын курулай сөз дейт жана ага өзү далилдерди келтирет.

- Елисеев өзүнүн баканоозун Атамбаевдин штабына киргиздим, анан ал мага бийликти күч менен басып алганы жаткандарын айтты дейт, - деп белгиледи ал. - Андан сырткары, Елисеев «төңкөрүштүн» ишке ашышын Кыргызстандын атайын кызматынын саткындыгы деп ырастайт. Ушулардын баарын болбогон сөз деп кантип айтпай коё аласың, муну баары факт менен шамалга учуп кетет.

Елисеев чын курандын жетиси болоор алдында кандай учуп кетсе, ошол бойдон калгандыгын, мурда топтогон байлыгынан кур жалак калгандыгын мойнуна алып жатат. Бул жерде өзунө өзу каршы чыгып жатат: төнкөрүш даярдалып жатканын билип туруп туугандарына эчтеке айтпай, мүлкүн сактап калууга кам көрбөй койгонбу.

Феликс Шаршенбаевичти дагы бир факт таң калтырат, ал ушунун баарын билип туруп, өзүнүн түздөн түз кожоюну болгон Максим Бакиевге бул тууралуу айткан эмеспи. Ал буга милдеттүү болчу да.

- Эми болсо Елисеев маалыматты тийешелүү органдарга берсем, алар мени баары көзөмөлдө турат деп тынчтандырып койду дейт, - деп нааразы болот ал. - Бирок ошону менен бирге эле аларды саткынчылыкка айыптап жатат. Кызык, ал кимди айтайын деп жатат? УКМК төрагасы Мурат Суталиновдун ар бир кадамын көзөмөлдөп турган Максим Бакиевдин агасы Марат Бакиевдиби? Болбосо президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевди айтканы жатабы?

Бул жерде коомчулуктун башын айлантканга эле болгон аракет болуп жатат. Елисеевдин эл көзүнөн далда болгон улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматынын ичинде нерселерден кабардар болгондугу таң калтырат. «Россиянын кадрлык чекисттеринин кыргыз коопсуздук органдарынын калкалоосу астында өздөрүнүн чыныгы командиринин буйругун аткаруу үчүн келгендигин» электен өткөрбөй туруп эле ырастоонун өзү эмнеге турат.

Анткени менен Кулов Алексей Елисеевдин интервьюсунан чындыктын үрөнүн тапты. Тактап айтканда, биздин мыйзам боюнча сыртынан айыптоого болбойт жана ошондуктан ага карата айыптоочу өкүмдүн чыккандыгы шек жаратат.

- Андан сырткары, анын апрель окуясынын маалында өнүктүрүү Фондунан 230 миллион доллар акчаны жеп кетишкен деген билдирүүсү тыкыр иликтенүүгө тийиш, - дейт сөзаягында саясатчы. - 7-апрель окуясы боюнча көптөгөн жоопсуз суроолор бар. Тактап айтканда, коомдук тартипти жөнгө салууда өз милдеттрин так аткарып, жарандар менен катар жабыр тарткан УКМК жана ИИМ кызматкерлерине туура баа берүү керек. Бирок бүгүнкү күндө ал үчүн бизде зарыл шарттар жана саясий конъюнктура бышып жетиле элек. Дагы бир белгилүү убакыт өтүшү керек.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх