Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевдин жактоочулары анын күнөөсү жок экендигине беш жаңы далил табышты

«Ата Мекен» фракциясынын лидери бардык документтер Башпрокуратурага өткөрүлүп берилгендигин билдирди

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын күнөөсү жок экендигине беш жаңы далил табышты, ошого байланыштуу кылмыш ишин кайра кароону өтүнүп Башпрокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып берди.

- Бери дегенде беш жаңы жагдай ачылды ал ишти кайра кароого, - деп белгиледи ал. - Биринчи кезекте жактоочулар ВТБ банкынан расмий маалыматтарды алышты, ага ылайык Маевский 2010-жылдын майында да, июлунда да 1 миллион долларды эсебинен албаптыр. Ал өзү болсо 300 миң жана 700 миң доллардан эки жолу акча жибергем деп жатат. Ошону менен бирге, Леонид Маевскийдин сөзү боюнча, акчанын биринчи бөлүгүн өзүнүн жан сакчысы Сергей Кутуковдон берип жиберген. Анткени менен ФКК тергөөчүсүнө Куттуков Бишкекте эч качан болбогондугун билдирген.

Шыкмаматов бардык көрсөтүлгөн маалыматтар расмий документтер менен бекемделе тургандыгын кошумчалады.

- Мурда «Супара» этнокомплексиндеги сүйлөшүүдө Дүйшөнкул Чотоновдун да болгондугу тууралуу көрсөтмөлөр болгон, бирок андай болушу мүмкүн эмес эле, анткени ошол күнү ал түштүккө учуп кеткен. Биз аны далилдеп бере алабыз, - деп түшүндүрдү депутат.

- Анын үстүнө Алексей Модиндин да «Супарадагы» сүйлошүүдө болдум деген сөзү калп, анткени биз телефондук сүйлөшүүлөрдүн табуляграммасын алдык. Геолокация ошол учурда анын шаардын ичинен эч кайда чыкпагандыгын көрсөтүп турат.

Алмамбет Насырканович жактоочулар бардык тийешелүү документтерди Башпрокуратурага бергендигин билдирди.

- Чын курандын жыйырма үчүндө Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо болот, бирок бул жаңы кодекстердин күчүнө киришине байланыштуу. Биз иштин толугу менен каралышын талап кылып жатабыз, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх