Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты билим берүү министри калп айтат деп көшөрөт (сүрөт)

Евгения Строкова кесиптик билим берүү бөлүмүнүн начальнигин жөндөн жөн кызматтан кетирди, ал эми Гүлмира Кудайбердиеваны болсо калп айткандыгы үчүн соттоо керек деп айтат

Депутат Евгения Строкова билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү бөлүмүнүн начальниги Гүлмира Абылкасымованы мыйзамсыз иштен кетирди деп көшөрөт.

Эл өкүлү Vesti.kg сайтына форумду өткөрүүгө даярдык боюнча иш чаранын планын алып келди.

- Билим берүү Министрлигине берген документтерди толугу менен көрсөтпөй жатышат, - деп белгиледи Строкова. - Абылкасымова басып чыгаруу өндүрүшүнө жооп берчү эмес. Жооп бере турган адам башка болчу, аны капкачан эле иштен бошотуп жиберишкен. Бирок кесиптик техникалык билим берүү бөлүмүнүн башчысы таркатууга туш келип калды. Менимче, министрди калп айткандыгы үчүн сотко бериш керек.

 

Эске салсак, мурда депутат Евгения Строкова КР билим берүү Министрлиги мыйзам бузуп жатат деп билдирген болчу.

«Жакында эле орусиялык жогорку окуу жайлардын жана Кыргызстандын окуу жайларынын ректорлору катышкан иш чарадагы банннерлердеги каталарга байланышкан ызы чуу болуп өттү, - деп эске салат эл өкүлү. - Ошондо министр Гүлмира Кудайбердиева эки тамгадан эчтеке болбойт деген эле. Туура, кимдир бирөөнү жазага тартуу керек эле, ал адам кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абылкасымова болуп калды. Ал мурда эле Кудайбердиевага жакпай жүргөн. Эми аны кетирип тынышты».

Өз кезегинде билим берүү Министрлигиндегилер Гүлмира Абылкасымованын мыйзамсыз иштен бошогондугу тууралуу депутат Строкованын айткандарына жооп берүүдөн баш тартышты.

- Биз Строкованын деңгээлине түшө албайбыз, - деп белгиледи мекемедегилер. - Анткени менен бизде Абылкасымованын маалыматтык материалдын басылышына жана даярдалышына ошонун ичинде баннерлерге жооп берет деген буйрук бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх