Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев 1- тергөө абагын көчүрсө боло турган эки жерди атады

ЖАМК айтымында, бир нече инвесторлор ойлонуштурулган нерсени ишке ашырып берүүгө даяр. Ишти болжол менен бир жылдан кийин баштоо ниеттелип жатат

Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис турганбаев ордо калаанын 1 - тергөө абагын Бишкектен сырткары жакка көчүрүүгө ниет кылып жатат. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- Биз азыр өкмөттүн №47 абакты жана 1 - тергөө абагын көчүрүү тууралуу комиссиясы менен бирдикте документтерди даярдап жатабыз, - деп тактады Турганбаев. -

Азырынча Новопокровкага алып чыгып №3 абакка кошууга, же Молдавановкадагы №1 абакка кошууга ниеттенип жатабыз.
Генералдынайтымында, учурда бир канча инвесторлор бар жана алар бул демилгени колдоого даяр.

- Менимче, эмдиги жылы буйруса баштап калабыз ишти, - дейт Турганбаев. - СССР маалынан бери эч ким шаардын сыртына тергөө абагын курган эмес, ошондуктан биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянышыбызга туура келет.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх