Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Анысына да, мунусуна да кошулбайм». КСДП депутаттары өздөрүнүн кайсы партияда экендиктерин билбей калышкандыктарын жашырышпайт

Анткени менен эч ким социал-емократтардын катарын таштап кете элек

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары кайсы жагына өтөөрүн билбей баштары маң болду.

Адилет Министрлигинин сайтында «социал-демократтардын» лидери кокусунан эле «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылдын төрагасы болуп калгандыгын билдиришкенде, партиянын маалымат кызматы жетекчиликти мекеме менен өз ара сүйлөшүп алган деп айыптаган. Эми аларга бир жагын тандап алуучу мезгил келди.

Социал-демократтардын катарынан расмий түрдө чыгарылган парламенттик фракциянын лидери Иса Өмүркулов капкачан эле «Атамбаевсиз КСДП» болом деп жарыя кылган. Саясатчынын айтымында, ал саясий кеңештин курамына кирген эмес, бирок катардагы мүчө болуп саналат.

Ал эми калгандары кантишти?
- Мен эч кайсы партияда эмесмин, - деп Vesti.kg сайтына жооп берди Азамат Арабаев биздин тандоо тууралуу сурообузга.

- Мен эч жагына кошулбайм, - деп жооп берди Сайдолимжон Жураев Vesti.kg сайтына.

Бакытбек Жетигенов болсо кайсы лидерди мыйзамдуу деп чечишээрин азырынча билбестигин айтты.

- Менимче, алар өздөрү чечишип алышы керек адегенде, дейт ал Vesti.kg сайтына.

Ирина Карамушкина болсо Сагынбек Абдрахмановдун капкачан саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгарылгандыгын жана лидер боло албастыгын эске салды.

- Айтмакчы, ошол саясий кеңеште Иса Өмүркулов да бар болчу, - деп эскерди ал. - Ал да Абдрахмановдун партиядан чыгарылышын колдогон ошондо. Ошондо Абдрахманов Сооронбай Жээнбековго каршы сөз сүйлөгөн, анткени өзү президенттикке талапкер болгусу келген.

Кыскасы, Өмүркулов да партиядан чыгарылган, деп улантат депутат. КСДП лидери Жогорку Кеңешке фракция башчысын кайра тандоо боюнча сунуш жөнөткөн, Иса Өмүркулов эми партияныны мүчөсү эмес, дейт ал.

-КСДП атына жамынган жалган съезддин чечими мыйзамсыз, - дейт Карамушкина. - Мен алардын чогулушунда болгом, бул партиядан капкачан чыгарылган кишилерди көргөм. Бирок адилет Министрлигинин ушуларды колдоп жатышы коркунучтуу. Ооба, Атамбаев оппозицияга кетти, бирок аны менен мыйзам бузулбайт да. Биз азыр баарыбыз жарандыгыбыздан ажыратса эчтеке болбойт деген акыбалда калдык. КСДП катарын расмий түрдө эч ким таштап кете элек.

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты адилет Министрилигинин сайтындагы Кыргызстандын социал-демократтар партиясы тууралуу маалыматтын өзгөргөндүгүн жазып чыккан эле. Алмазбек Атамбаевдин ордуна жетекчи Сагынбек Абдрахманов болуп калды, «түзүүчү» деген саптагы экс-президенттин аты да өчүрүлгөн.

Адилет Министриндегилер Vesti.kg сайтына саясий биримдиктин лидеринин алмашкандыгы тууралуу документтер Сагынбек Абдрахмановдун колу коюлуп келип түшкөндүгүн айтып жооп беришти. Ал эми анын маалыматтын чын экендигине бул учурда арыздануучу жооп берет.

Алмазбек Атамбаев болсо адилет Министрлигинин жетекчилигин сүйлошүп алган деп айыптап жана Башпрлокуратурага тыкыр иликтеп чыгуу тууралуу кайрылуу жолдоду.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх