Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКӨМК төрагасынын орун басары «акаевчи-бакиевчи» Карыбек Ибраев болдубу?

Эксперттер анын кайсы гана бийликте болбосун көзгө көрүнөрлүк иш кылбаса деле жогорку кызматтарды ээлеп жүрө беришине таң калышат

Жакында эле Карыбек Ибраевдин кен байлыктар, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитетинин төрагасына орун басар болуп дайындалгандыгы белгилүү болду.

Бул жаңылык тоо кен тармагынын эксперти Максат Мамыткановду да таң калтырбай койгон жок.

 «Сооронбай Шарипович жана Мухаммедкалый Дуйшекеевич! – деп кайрылат ал президент менен премьер-министрге. «Ак Үй» менен «Өкмөт үйүндөгүлөрдүн» эске тутуусу жок болуп калдыбы? Сиздердин бул дайындоолоруңузду кантип түшүнсө болот?».
Таң калууга төмөнкүлөр себеп болгондугун моюнга алышыбыз керек:
Төраганын жаңы орун басарынын кесиптик өмүр баяны чыны менен кызыктуу.
«Мен Карыбек Ибраев менен алгачкы жолу 1998-жылы Кр УКМК кызмат өтөп жатып тааныштым, - дейт Мамытканов. - Акаевдин заманында Ибраев Мамлекеттик геология комитетинде лицензиялоо бөлүмүн жетектечү. Анан ал Николай Танаев премьер болуп турганда Аппаратта иштеген жана «Кумтөр» менен Centerra Gold Ink долбоорлорун түзгөнгө түздөн түз катыштыгы бар киши. Бүгүнкү күндө болсо Акаев менен Танаев качкын болуп жүрүшөт. Ал эми алардын кадры Сооронбай Шариповичтин тушунда кайрадан жогорулап жатат!».

2010-жылы Курманбек Бакиев качып кеткенден кийин Карыбек Ибраев Centerra Gold Ink директорлор Кеңешинин мүчөсү болуп калды. Алган айлыгы жылына 200 миң доллар.

Бир нече жылдан соң ал директорлор Кеңешин таштапКыргызстандагы кен казуу тармагындагы ачыктык демилгеси боюнча Катчылыктын долбоорун жетектей баштады. Ал долбоор чет элдиктердин эсебинен каржыланчу.

«Ал жердин маянасы да аз болбосо керек», - дейт эксперт.
Мамытканов өлкөгө бир да пайдалуу иш кылбай туруп, мындай ишенимге ээ болгон Карыбек Ибраевге кызыгат.
Мурдагы «Кыргызкөмүрдүн» директору Расул Үмбөталиев Кыргызстандын Centerra Gold Ink.директорлор Кеңешиндеги өкүлү катары Карыбек Ибраев кыйратып деле эч нерсе жасаган жок деп эсептейт.

- Өтө эле солгун иштеди,- дейт ал Vesti.kg сайтына. - Ал жана директорлор Кеңешиндеги Кыргызстандын башка өкүлдөрү канадалыктардын кызыкчылыгын коргочу. Биз 20 жыл аралыгында Centerra менен кылынган келишимде өз багытыбызды жоготтук, ал эми 8 жыл ичинде биздин алчу үлүшүбүз 33 пайыздан 26 пайызга түшүп кеттти. Инвестициялык долбоорлор деле түзүлгөн жок. Үмбөталиев ЭКӨМК төрагасынын жаңы орун басары Карыбек Ибраев менен бул комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов качандыр бир убакта «Кыргызалтын» ААК бирге иштешкендигин эске салды.

- Чамасы, дайындоо талапкердин кесипкөйлүк сапатына карап болгон окшойт, - деп белгилейт ал.

Мамыткановдун оюнча, Ибраевдин дайындалышынын бирден бир себеби инвесторлорго байланыштуу, анткени алардын көбү менен Ибраев жеке тааныш, өзгөчө Centerra Gold Ink жетекчилиги менен тааныштыгы бар.

«Мына жакында Centerra Gold Ink. менен сүйлөшүүлөр 2019-жылдын бугу айынын отуз биринде аякташы керек, - дейт ал. - Бул «алмаштыргыс адис» Карыбек Ибраев дагы кандай келишим түзүп жиберээрин карап туралычы».

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты Ибраевдин ЭКӨМК башчысынын орун басарлыгына дайындалышына болгон каршылык тууралуу билдирген эле.

Ошондой эле Vesti.kg сайты такталбаган маалыматтарга ылайык жаңы орун басардын иниси Муратбек Ибраев бир эле учурда ЖЧК «Небоскреб» жана ЖЧК «Трамп Тур» деген кен казуучу эки компаниянын жетекчиси жана түзүүчүсү экендигин жазып чыккан.

Карыбека Ибраевди жамаатка бир ай мурун ЭКӨМК төрагасына орун басар катары тааныштырган. Мурда ал «Кыргызалтын» ААК, Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагында ачыктык демилгеси боюнча Катчылыкты жетектеген, ошондой эле Centerra Gold Ink компаниясынын директорлор Кеңешинин мүчөсү болгон.

Сергей Новиков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх