Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Министр кет!». КСДП мүчөлөрү адилет Министрлигинин алдында митинг кылышты

«Социал-демократтар» Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылып жатышат

КСДП партиясынын мүчөлөрү Адилет Министрлигинин алдына митингге чыгышып мекеменин башчысы Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты.

«Социал-демократтардын» айтымында, адилет Министрлиги мыйзамды бузган, анткени ал реестрге партиянын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов деп жазып койгон.

«Биздин партияны рейдерлик кылып басып алышты. Абдрахманов трайбалист. Министр кет!», - дешет митингге чыккандар.


Нааразычылыкка чыккандар Ысык-Көлдө казылып жаткан уран тууралуу да айтышты. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Балыкчыга жакын жерден казылып жаткан уран иштетүүнүн башталышына каршы экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты мурда Кыргызстандын социал-демократтарынын маалыматтары адилет Министрлигинин сайтында өзгөрүлгөндүгү тууралуу жазган болчу. Партиянын жетекчиси деп Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахмановдун аты жазылган, ошондой эле түзүүчү деген сапта да экс-президенттин аты жок болуп кеткен.

Адилет Министрлигиндегилер Vesti.kg сайтына мекемеге саясий биримдиктин лидери алмашкандыгы тууралуу Сагынбек Абдрахмановдун колу коюлган документ келип түшкөндүгүн айтышты. Ал эми ал маалыматтын чындыгы жана юридикалык жактан тууралыгына бул учурда арыз берген адам өзү жооп берет. Алмазбек Атамбаев адилет

Министрлигинин башчысын сүйлөшүп алган деп айыптап, тыкыр иликтөөнү суранып, Башпрокуратурага өтүнүч менен кайрылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх