Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Прокурорлорго Текебаевдин ишин изилдөө үчүн чындап эле убакыт керек болгондугуна ишенгибиз келет

Процессти бугу айынын үчүнө жылдырышты. Митингге чыккандар кайтып келебиз деген убада менен таркап кетишти

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана ӨКМ мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча сот отурумун ушул жылдын бугу айынын үчүнө жылдырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы башпрокурор Аида Салянова билдирди.

- Уктурууну прокурорлор материалды окуп чыгууга убакыт сурагандыктан башка күнгө жылдырышты, - деп түшүндүрдү ал. - Кудай жалгап эле көзөмөл органынын кызматкерлери чындап таанышып чыкканга убакыт сурап жаткан болушсун.

Иштин материалы 18 том экендиги билдирилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов өз кезегинде камактагы саясатчыларды колдоп митингге дагы кайталап чыгууга даяр экендиктерин билдирди.
- Сот отуруму бугу айынын үчүнө саат 10:00 дайындалды. Биз ошол күнү дагы митинг кылабыз, - деп билдирди ал.

Эске салсак, бүгүн Жогорку соттун алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги болуп өттү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх