Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун кудагыйы митингге чыкты (видео)

Ал аял Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине чыгып жана мурда бирге митингге чыккан күндөрүн президенттин эсине салды

Өзүн Сооронбай Жээнбековдун кудагыйымын деп тааныштырган аял Текебаевди колдоо митингине чыкты.

Ал чогулган элдин алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Жээнбековго кайрылып мурдагы депутатты бошотуусун талап кылды.

- Жээнбеков менин кудам, - деп түшүндүрдү ал аял. - Мен муну мактаныш үчүн эмес, кудама кайрылуу үчүн айтып жатам. Урматтуу куда, сизде азыр мүмкүнчүлүк бар. Ошондон пайдаланып Текебаевди бошотуңуз. Биз акыйкаттыкты талап кылабы.


Ошондой эле ал аял мурда Сооронбай Жээнбеков экөө митингдерге катышып жүргөндүгүн кошумчалады.
- Куда, биз кол кармашып митингге чыккан күндөрдү эстеңизчи, - деп билдирди ал. - Бизди кошоктоштуруп УКМК кызматкерлери кармап кеткен күндү эсиңизден чыгарбаңыз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх