Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин экс-спикери эмне үчүн айылдык кеңештерде кесипкөйлөрдүн жок экендигин айтып берди

«Баары Бишкекке жана чет мамлекеттерге иштеп келүү үчүн кетип калышкан»

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун аймактык органдарында квалификациясы жок кадрлар иштеп жатышат, анткени баары Бишкекке жана чет мамлекеттке иштеп келүү үчүн кетип калышкан. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына парламенттин мурдагы спикери Зайнидин Курманов билдирди.

- Айылдарда балдар менен чалдар гана калды, ошондуктан ал жакта кадрлык ачкачылык байкалып жатат, деп белгиледи ал. - Албетте, бул көйгөйду эртерээк жоюу керек, антпесе аймактардын өнүгүүсү тууралуу ооз ачууга да болбойт. Анын үстүнө революция бизге башкаруучулардын башаламан алмашуусун алып келип, өлкөдө мамлекеттик башкаруу кесипкөйсүздүккө тушукту. Бийликке кокусунан келгендер толуп алышты. Ошонун кесепетинен өлкө азап чегип жатат.

Зайнидин Карпекович жергиликтүү бийлик органдарында кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча концепциянын керек экендигин кошумчалады.

-Мамлекеттик кадр кызматы эмне үчүн керек, деп мен капкачан эле сурагам. Анткени бул маселени ошолор чечиши керек. Квалификацияны жогорулатууну тынымсыз жүргүзүү керек, анткени биздин заманыбызда маалымат бат баттан алмашып турат. Ал Совет доорунда 10 жылда бир окутушчу. Азыр 1,5 жылда окутуп турбаса болбойт. Анын үстүнө иш менен окууну айкалыштыруу зарыл. Аймактык участкаларды да ирилештирүү керек. Кичинекей өлкөгө ошончо айылдык кеңештин эмне кереги бар?

Түшүндүрө кетели, мурда депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин ар тараптуу көтөрүү зарыл экендигин билдирген.

«Бул жаатта системанын өзгөрүүсү аба менен суудай керек болуп турат. Бийликтин так багыты болушу керек, анткени ылдый жактагылар жогорто эмне болуп жаткандыгын билбейт, ошондой эле жогорудагылар да. Жер жерлердеги кадрлык курам толугу менен сабатсыз, алтургай айыл өкмөтүндө тендерди да кылмыш иши жок өткөрө алышпайт», - деп келтирет журналисттер эл өкүлүнүн айткан сөзүн.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх