Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев айылдарда жумушсуз адамдар жок деп эсептейт

Жогорку Кеңеште өкмөттүн эсепчотун угуп жатышып, жумушсуздук маселесине да кайрылышты

Айылдарда эч жерде иштебеген адамдар жок. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли канчалык, деген депутат Кожобек Рыспаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ошентип, өкмөттүн жоопчотун угуп жатып Эл аралык эмгек уюмунун маалыматтары да келтирилди, ага ылайык Кыргызстандагы жумушсуздук 6,9 пайызды түзүп, бул 170 миң адамга барабар болот.

Ошону менен бирге Улуттук статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы минималдуу айлык акы 1700 сом болгондугу белгилүү.

- Бул маалыматтар жагдайды толук чагылдырып бере албайт, анткени баары эле салык төлөп, статистикадан өтө бербейт да, - деп түшүндүрдү ал. - Ал эми айылдарда жумушсуздар жок, анткени алар жер иштетишет.

Өз кезегинде Рыспаев жол эрежесин бузганга салынган айып пулду азайтууну сунуштады.

- Көрдүңүзбү, бизде айлыктын кандай аз экендигин, айып пулдун суммасын азайтышыбыз керек, - деди эл өкүлү. - Арак ичкендер төлөй беришсин ошончо сумма, бирок калганын азайтпаса болбойт, каяктан алып төлөшөт.

Өкмөт башчы айыпты төлөбөө үчүн мыйзамды бузууга болбойт деп белгиледи.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх