Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулун Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратышты

Мурдагы эл өкүлү эң жогорку коопсуздуктагы мекемеде кармалат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратышты. Өкүмдү бүгүн Алматынын адистештирилген райондор аралык соту чыгарды.

Sputnik Казахстан билдиргендей, кыргызстандык эң жогорку коопсуздуктагы мекемеде жаза мөөнөтүн өтөйт.

Ошондой эле, мурдагы депутат жазасын өтөп бүткөн соң, өлкөгө беш жылга чейин кайрылып кирбөө шарты менен чыгарыла тургандыгы белгилүү болду.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулун, ошондой эле кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов менен Эмилбек Көчөрбаевдерди 2018-жылы бирдин айында кыргыз-казак чегарасында Алматы, Жамбыл, Түштүк-Казакстан областтарында жана Алматы УКТ жоюу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө кармашкан.

Соттолгондорго КР ЖК 264 берененин 1 б. «Улуттан аралык уюшкан топту түзүү жана жетектөө, улуттар аралык кылмыштуу уюмдун катышуучусу» жана 234 берененин 2 п. 3 б. «Еразиялык экономикалык уюмдун товарларын мамлекеттик кызматты аткаруучу ыйгарым укугу бар адамдын бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдө ташуусу» айыпталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх