Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облустук ИИБ «атамбаевчыл провокатор» тууралуу маалыматты текшергендиктерин ырасташты

Бирок милициядагылар Гүлжигит Исаковдун ата энесине басым кылбагандыгын баса белгилешти

Милиция Гүлжигит Исаковдун ата энесине басым кылган жок. Аны кечээги митингде депутат Каныбек Иманалиев «атамбаевчыл провокатор» деп атаган болчу.

Ош облустук ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Vesti.kg сайтына түшүндүргөндөй, Исаковдун ата энеси жашаган айылга Кара-Кулжа РИИБ миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

- Кызматкерлер аны митингде провокатор деп аташкандыктан улам текшерүүгө мажбур болушкан, - дейт маалымат катчы. - Милиционерлер Гүлжигит Исаковдун чындап эле ошол жерде жашай тургандыгын анын айылдаштарынан сурашкан. Укук коргочулар Гүлжигиттин апасын көчөдөн жоолуктурушкан. Маалыматты тактаган соң, кызматкер кеткен. Эч кандай басым көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, мурда Бишкектеги Өмүрбек Текебаевди колдогон митингде Гүлжигит Исаковду «атамбаевчыл провокатор» деп аташкан, ал ички иштер министрине кайрылып, анын ата энелерине басым көрсөтүлүп жаткандыгын билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх