Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер: Элдер көпчүлүк учурда Камчыбек Жолдошбаевдин тамаша сөзүн түшүнбөй калышат

Депутаттын Мухаммедкалый Абылгазиевге капиталисттик эмгектин Баатыры деген наам берели деген идеясын орунсуз деп эсептешти

Премьер-министрдин дарегине жагымсыз сөздөрдү айткандын ордуна, өзүңөрдө идея болсо сунуш кылгыла. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов билдирди. Ал депутат Камчыбек Жолдошбаевдин Мухаммедкалый Абылгазиевдин дарегине айткан орунсуз сөзүнө комментарий берди.

- Бизде андай наам жок, бул тамаша сөз, - деп эскертти Феликс Шаршенбаевич. - Кандайдыр бир кемсинткен наамды сунуштоону мен орунсуз деп эсептейм. Андан көрө кайсы маселе чийки болуп калгандыгын, өзүнүн жакшыраак сунушу болсо ошону айтыш керек болчу премьерге. Бул бир гана конструктивдүү эмес, туура да болмок. Отчет деген шоу эмес. Ал жерде куйкум сөздөрдү бири бирине айтып отурганга убакыт жок. Бул учурда өз каалооңдү айтып, анализ кылуу керек. Бул жерде ишке мамлекеттик мамиле кылуу зарыл.   

Өз кезегинде КР Экс-вице-премьери Абдрахман Маматалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Камчыбек Жолдошбаевдин тамашасын көпчүлүк учурда туура түшүнбөй калышат деп белгиледи.

- Камчыбек Жолдошбаев - тамашакөй киши, тамашалаганды жакшы көрөт, - дейт мурдагы премьердин орун басары. - Элдер аны дайыма эле түшүнө беришпейт. Менимче, азыр кимдир бирөөнү сыйлоого эрте. Балким ал тамаша иретинде өкмөттү колдоюн деген чыгар. Отчетту уктук. Азырынча ага кандай баа берилээри да белгисиз. Талкуу учурунда кандайдыр бир наам берүү же кызматтан алуу тууралуу кеп кылууга эрте.

Түшүндүрө кетели, кечээ парламентте өкмөттүн 2018-жылга берген отчетун угушту.Депутат Камчыбек Жолдошбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге «капиталисттик эмгектин Баатыры» деген наам берели деди. Ошону менен бирге депутат өкмөттүн отчетун колдоду.

 

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх