Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда президент сүйлөп жатканда атка минерлердин укташына мыйзам тыюу салбайт

МКК мамлекеттик кызматкелердин адеп ахлак Кодексинде чогулушта уктагандыгы үчүн жаза каралбагандыгын түшүндүрөт

Аймактарды санариптештирүү боюнча президент катышкан форумда уктап калган атка минерлерди кызматтан кетүү коркунучу курчап турат. Мамлекеттик кадр кызматынын маалымат катчысы Жоомарт Максатбеков Vesti.kg сайтына түшүндүргөндөй, мамлекеттик кызматкерлердин жумушта уктоосуна юридикалык жактан тыюу салынган эмес.

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адеп ахлак Кодексинде уйку тууралуу сөз жок, - деп белгиледи ал. - Ошондуктан жетекчи жазалоо үчүн аларга башка себеп табышы керек, анткени уктап калгын деген түшүндүрмө мыйзамсыз болуп калат.

Ошону менен бирге Максатбеков өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү, эл арасында эскиче губернатор - бул саясий кызмат. Андыктан мындай атка минерге саясий себеп менен чара колдонуу керек, номенклатуралык чара орунсуз болот.
Айтмакчы, совет доорунда мындай нерсени эл алдына алып чыгуу көп учурачу.

Түшүндүрө кетели, кечээ депутат Атынбек Сулайманов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, мамлекет башчы сүйлөп жаткан кезде эки губернатордун уктап жаткандыгына нааразы болду. Депутат ал атка минерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылды.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх