Си Цзиньпинь Кыргызстанга теке айында учуп келет
КЭР төрагасы Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси туруктуу өнүгүп жаткандыгына кубанат
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга 2019-жылы теке айында мамлекеттик иш сапар менен келет. Бул тууралуу жоолугушуу учурунда белгилүү болду
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь менен Пекинде чын курандын жыйырма сегизинде жоолугушту.
«Былтыр сиздин алгачкы жолу Кытайга болгон сапарыңыз ийгиликтүү болгон, биз ошондо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлгөндүгүн жарыя кылган элек. Биргелешип аракеттенүүнүн натыйжасында эки тараптуу мамиле туруктуу өнүгүп жатат. Мен буга кубанам. Мен сиздин мени Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен барууга болгон чакырууңузду кабыл алдым», - деп баса белгиледи Си Цзиньпинь.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков чын курандын жыйырма бешинен жыйырма сегизине чейин иш сапары менен КЭР болду. Ал «Бир сызык - бир жол» Форумунун жана Эл аралык багбанчылык көрсөтмөсүнүн ачылышында мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу астында болду.
Андан сырткары, Жээнбеков мамлекеттик ишмерлер, компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөлөр менен жоолугушту.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www