Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагеринен аскер мекемелеринин башчылары дебатка чакыруу алышкан жок
КР ӨКМ жана коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитетте бул идеяга комментарий берүүгө даяр эмес
ӨКМ менен коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитетте жетекчилер КИМК Коомдук кеңешинин төрагасы, эс алуудагы полковник Анвар Сартаевдин
чакыруусу боюнча дебатка катышабы же жокпу азырынча айта албайт.
- Төрага Эрлис Тердикбаев эч кандай дебатка чакыруу алган эмес, - деп жооп берди Vesti.kg сайтына КИМК маалымат кызматы. - Расмий чакыруу берсе, анан ал катышууну ойлонуштуруп көрөт.
Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинде да активист менен мамлекеттик телеберүүнүн эфиринде боло турган жоолугушуу тууралуу уккан эмес.
Ал жердегилер Vesti.kg сайтына Сартаевден сунуш түшкөндөн кийин гана комментарий берүүгө убада беришти.
Негизи кооомдук ишмер коргонуу бөлүмүнүн, укук коргоонун жана КР өкмөтүнүн аппаратынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араевди да чакырган, бирок өкмөттүн маалымат кызматы менен Vesti.kg сайты байланыша алган жок.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин Коомдук кеңешинин төрагасы, эс алуудагы полковник Анвар Сартаев Кыргызстандын телеканалдарынын жетекчилерине кайрылуу таркаткан.
Ал телеканалдардын жетекчилеринен КР КИМК төрагасы Эрлис Тердикбаев, КР ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов жана КР өкмөтүнүн аппаратынын өзгөчө кырдаалдар, укук коргоо жана коргонуу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев менен дебат өткөрүүгө эфирдик убакыт сураган.
Талкууга коюла турган маселелер КР Куралдуу күчтөрүнүн жарандык, аскер кызматкерлеринин ардагерлерин укуктук жактан коргоо жана социалдык жактан камсыздоо.
Ольга Федорчук
Сүрөт www