Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекти көздөй митингге чыккан жөө адамдардын агымы (видео)

Милиция нааразычылык акциясына чыккандарга жолто болбойт

Балыкчыдан уран казууга каршы болгон митингчилердин агымы Бишкекти көздөй бет алды. Катышуучулардын айтымында, көптөрү ордо калаага чейин жөө барууга ниеттенип жатышат.

Ал ортодо Ысык-Көл облусунун ИИБ Vesti.kg сайтына укук коргоо органдары бул жүрүшкө жолто болбойт деп билдиришти.

- Биздин милдет коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылын көзөмөлгө алуу, - деп тушүндүрүштү милициядагылар. - Анткени менен митингдин уюштуруучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылына тоскоол болбош керектигин жана андай болгон учурда кылмыш жообуна тартылышаарын мыйзам чегинде эскертишти.



Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында уран казууга каршы нааразычылык акциясы болоорун жазган эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх