Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Орусия белекке берген аскердик тик учактар кайрадан Кыргызстандын туристтерин тейлейт»

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары мындай техника токтоп турбашы керек, учкучтар тажрыйба топтошу керек деп түшүндүрдү

Орусия Федерациясы Кыргызстанга кайтарымсыз аскердик техниканы жардамга берүүсүнүн алкагында 9 чалгындоочу кайгуул БРДМ-2 машинасын жана МИ-8 тик учагын берди. Ошентип кыргыз армиясынын согушка даярдыгы гана жакшырбастан, жаңыча иштөө мүмкүнчүлүгү да жаралды.

Тик учактардын чет элдик туристтерди тейлөөсү элдин баарына эле маалым: аскага чыккандарды, алпинисттерди, экстремалдарды тейлейт. Кашайып кээде мындай учуулар аскердик тик учактардын кулашыменен коштолот. Өткөндо эле абадан коргонуу Күчтөрүнүн тик учагынын Түштүк Эңилчек аянтында кулоосу ушуга байланыштуу. Ал өзгөчө кырдаал былтыр кулжа айында болгон.

Vesti.kg сайтынын редакциясы коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшеновго кайрылып, алган тик учактардын тагдыры мурдагылардай болбойбу деп суроо узатты.

- Аскердик тик учактын кулашы - бул форс мажор, - деп баса белгиледи ал. - Бирок, биз туристтерди баары бир тейлей беребиз. Анткени техника бир ордунда турбашы керек. Айрыкча ушундай тик учактар тынбай учуп турушу керек. Анын үстүнө учкучтарыбыз тоолуу аймактарда тажрыйба топтошот . Эгерде экипаждар токтоп турса, андан квалификациясы жогорулап кетпейт.

Туристтерди тейлөө зарыл болгон чара дейт мурдагы министрдин орун басары. Анын үстүнө авиакүйүүчү майга бюджеттен акча берилбейт. Аскерлерибиз каржылоону мамлекеттик бюджеттен жарым жартылай гана алышаарын айта кетти Мурат Бейшенов. Бирок тик учактар иштеп тапкан акчаларды деле көпчүлүк учурда ала алыгпай калышаарын белгиледи.

- Мурда бардык коммерциялык учуулардын акчалары коргоо Министрлигинин бюджетине түшчү, - деп түшүндүрдү ал. - Азыр баарын өкмөт алып алат. Бирок кийин аскерлер керосинге акча сураганда каржы Министрлиги көбүнчө бербей коёт. Бирок учуулар такай эле болуп турат. Кокус бир жаңжал чыгып кетсе бизге Орусия да, Казакстан да учкучтарын беришпейт.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх