Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Нурбек Мурашев жакшы эле аракет кылды, бирок ийгилик бүтүн өкмөттүн ишинен көз каранды»

Мурдагы айыл чарба министри,өкмөттүн жапа тырмак иштеши канчалык маанилүү экенин жон териси менен сезгенин билдирди

Айыл чарба министри Нурбек Мукашевдин отставкасы - туура чечим, анткени, бардык сурамжылоолор бул мекеме натыйжасыз деп көрсөттү. Мындай оюн Vesti.kg сайтына айыл чарба тармагы боюнча эксперт Улан Адамалиев билдирди.

- Айыл чарба министрлиги начар иштеп жатканын дыйкандар эле эмес ири бизнесмендер дагы айтып келген. - Министрге «Кара көлөч» антисыйлыгын да жөн жерден беришпегени түшүнүктүү. Жарандык коомдун күндөн күнгө таасири күчөп, өкмөттүн чечимдери андан көз каранды болуп жатканы - бул жакшы тенденция. Биз өзүбүздүн укугубузду коргогонду үйрөнүшүбүз керек.

Өз кезегинде мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков министрликтин аксак ишине жалгыз Мурашев күнөөлүү эмес деп белгиледи.

- Мен өзүм бул кызматта эмгектенгем жана ар бир маселе бүтү өкмөт менен кошо чечилээрин билем - бул коллегиялык түзүм да, - деди ал Vesti.kg сайтына. Толук агрардык деле маселе бир нече министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болот. Мисалы, эгерде сөз картошка жөнүндө болсо, ага экономика, каржы министрлиги, бажы жана башкалардын да тиешеси бар. Мурашев колунан келгендей аракет кылды, бирок, каалаган ийгилик бүтүн өкмөттүн жапа тырмак иштешинен көз каранды.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба министри Нурбек Мурашевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштаманы президентке киргизгенин маалымдаган.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх